www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсил кайран СССРдин заманы...

Кызгалдак Жакыпова 18-январь 2019, 18:04

Саясат


Эсил кайран СССРдин заманы...

Мындан эки күн мурун досум экөөбүз түштөнгөнү катардагы эле кафеге башбактык. Негизи үйдөн түштөнгөндү адат кылып алгам, көчөдөн тамак жебейм деле, киши башына 500 сомдон айланып кетти.

Шорпосу 130 сом, лагман 150 сом, самса 45 сом, са­лат 120 сом, бир чайнек чай 30 сом, лепёшка 25 сом, баардыгы 500 сом, Тейлегени өзүнчө 75 сом. Андан бери келатып дүкөндөрдүн бирине баш бактым. Пивону (0,5 литр сыра) 85 сомго алдым, кызыма жөнөкөй карандаш 20 сом. Почто аркылуу кат жөнөткөнгө даанасы 25 сомдон 50 сом. Байбичеме ит менен мышыкка тамак берип, бербегенин сурап телефон аркылуу сүйлөштүм. Болжол менен 5 сом. Киного кирдим 120 сом (1 серия). Андан кийинки маршруткага 10 сом телөп үйгө келдим. Жүзү курусун 867 сом болду. Эмнеге жүзү курусун, ушунун баары илгери "сары чолок" -деп койчу 1 рублге (бир сомго) келчү экен.

 Атаңгөрү эСэСэСэр!

Булак: "Азия Ньюс"

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83