www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрага Дастанбек Жумабеков менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Таёк эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселесин талкуулады

Айдар Нуралиев 19-январь 2019, 09:37

Расмий кабарлар


Төрага Дастанбек Жумабеков менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Таёк эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселесин талкуулады

18-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ха Таёкту кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана байланыштардын келечеги тууралуу пикир алмашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков саясий байланыш жана парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, бул экономика, маданият, билим берүү, миграция, спорт жана башка жааттардагы алакаларды арттырууга өбөлгө болорун билдирди.

Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеш менен Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясы ортосундагы байланыштардын ырааттуу өнүгүп жатканына токтолуп, элчиден Корея парламентинин Төрагасын Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыруусун өтүндү.

Ал эми экономикалык байланыштар тууралуу да сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 100 млн АКШ долларына чейин көтөрүү (2018-жылдын 10 айына карата эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23,4 млн. АКШ долларын түзгөн) жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгын билдирди. Андан тышкары ал Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө кореялык капиталды тартуу маанилүү экенин белгилеп: “Түштүк Корея дүйнөдөгү ири экономикалык жана көптөгөн өндүрүштүк-технологиялык мүмкүнчүлүккө ээ. Биз кореялык алдыңкы компанияларды Кыргызстанда иштөөгө чакырабыз”, – деп кошумчалады.

  • кезегинде Түштүк Кореянын элчиси эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү боюнча иш планы менен бөлүшүп, экономикалык байланыштарды арттыруу максатында быйыл Сеул-Бишкек аба каттамын ачуу мерчемделип жатканын маалымдады. Ошондой эле Ха Таёк бул алгачкы кадам Кореядан келген туристтерди көбөйүшүнө өбөлгө болорун билдирди. Анын айтымында 2018-жылы Кыргызстанга келген кореялык туристтердин саны 18 миңди түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 4 миңге көп болгон.
  • менен катар Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеш да Кыргыз Республикасынын Аба кодексине түзөтүүлөрдү киргизип, “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу колго алынганын маалымдады. Төрага белгилегендей, аталган мыйзам долбоордун ишке ашырылышы менен бир катар маселелер чечилип, анын ичинен Сеул-Бишкек абал каттамын ачууга да жагымдуу шарттар түзүлөт.
  • сырткары, Төрага менен элчи быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты. Тагыраагы, Баткен, Ош жана Чүй облустарынын 30 пилоттук айылдарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор, Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын кошумча имаратын ачуу, электрондук Өкмөт долбоорун ишке ашыруу жана кыргыз жарандары үчүн Түштүк Кореяда иштөө мүмкүнчүлүгүн берүүчү квоталарды көбөйтүү тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстан менен Кореянын мамлекеттер аралык мамилесин мындан ары да арттыруу зарылчылыгына токтолушту.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83