www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө текшерүү болду

Айдар Нуралиев 19-январь 2019, 15:04

Коом


Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө текшерүү болду

Чуй районундагы ооруканага тушкон жаш оспурум боюнча маалымат 2019-жылдын 11-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондун аймагында алдын алуу рейд иш-чарасын өткөрүшкөн. Аталган иш-чаранын максаты өспүрүмдө арасындагы тартип бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана оор шарттарда жашаган жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында уюштурулган.

Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө текшерүү болуп, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Иш-чарада учурунда Чүй районунун Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесине жаракат алган 2015-жылы туулган Ж.Б. аттуу бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда наристе медициналык жардам алууда.

Териштирүү учурунда өспурүм бала 31 жаштагы апасы Ж.А. жана 55 жаштагы тайэнеси М.Г. менен жашагандыгы белгилүү болду. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн. Баланын энеси жана тайэнеси медициналык мекемелердин биринде каттоодо турат деген маалымат тергөө кызматы тарабынан текшерилүүдө.

Бул окуя Чүй районунун ИИБнүн кылмыштарды жана жоруктарды катоо боюнча бирдиктүү реестрине катталган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83