www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Сени намаз учурунда өлтүрсөм дароо бейишке чыгасың.." Бишкекте апасы кызына бычак такап аягында ал бычактан өзү ажал тапкан..

Айдар Нуралиев 23-январь 2019, 10:21

Коом


"Сени намаз учурунда өлтүрсөм дароо бейишке чыгасың.." Бишкекте апасы кызына бычак такап аягында ал бычактан өзү ажал тапкан..

Бишкек шаардык Октябрь райондук соту апасын өлтүргөн Надирага чечим чыгарды деп жазып чыкты «Сводка» АКИpress.

2017-жылдын 21-декабрында өз үйүнөн апасы менен намаз окубаганы үчүн уруша кетишкен. Уруша кеткен соң кызы намаз окууга киришейин деп даярдык көрө баштаганда Надирадан апасы ашканадан лимон туураганы бычак алып келүүсүн өтүнөт. Ал лимон туураганы бычак алып келип апасынын колуна карматат.

Аял кызына эгерде ал кызын намаз учурунда өлтүрүп койсо ал дароо эле бейишке түшөт деп айтып, Надирага бычак такай баштайт. Надира ага каршылык көргөзүп апасынын колунан бычакты алып салуу максатында экөө тартышып кетет. Талаш учурунда кызы апасын моюнга сайып жиберген. Аны менен эле токтоп калбастан аял дагы кызынын колунан бычакты талашат ошондо Надира экинчи ирет апасын моюнга сайып жиберет.

Апасынан кан көп кетип жатканын көргөн кызы тез жардам чакыруу максатында телефонго баратканда кансырап жаткан апасы кызын стол менен чапкан, ага ачууланган кызы апасынын колундагы столду тартып алып, стол менен башка бир нече ирет чаап салган. Алган жаракаттардан улам аял каза болгон.

Сот бардык жүйөлөрдү угуп Надираны шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83