www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мекендештерин сызга отургузган адам кармалды

Айдар Нуралиев 23-январь 2019, 10:46

Коом


Мекендештерин сызга отургузган адам кармалды

Жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын жарандары Москвада жасалма авиабилеттерди сатып жатышкандыгы маалымдалган. Бир нече кыргызстандыктар Москва-Бишкек рейси боюнча уча албай калышкан. Буга мекендештери саткан жасалма авиабилеттер себеп болгон.

Жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачууга жана кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартууга багытталган жүргүзүлгөн иштер боюнча толук маалымат берүү максатында төмөнкүлөрдү билдиребиз:
2018-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө жаңы жыл алдында Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамы аркылуу учкан авиарейсинен аларды түшүрүп койгондугу боюнча нааразычылык менен кайрылышкан. Билеттерди текшерүү учурунда алар жасалма   болуп чыккан. Алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркагандардын 
саны 20 адамдан ашкан. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашкан жактарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жагдайды тактоо учурунда жабырлануучулар Москва-Бишкек-Москва, Москва-Ош-Москва каттамдары боюнча авиабилеттерди Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан имараттагы  “Рустам” аттуу жигиттен алышкандыгы, билеттерди саткандан кийин изин жашырып кеткендиги маалым болгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө билеттерди сатып алдамчылык менен алектенген шектүнүн өздүгү такталып, ал Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 1995-жылы туулган Р.Р. аттуу 
жошоочусу болуп чыккан. Аныкталгандай, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2018-жылдын сентябрь айында  авиабилеттерди сатуу боюнча компаниянын жумушчусу болуп иштей баштаган. Болжолдуу маалымат боюнча ал жумуш учурунда жасалма авиабилеттерди жасап берип, маалымат топтомуна 
киргизбей, авиабилеттерден түшкөн 700 000 рубльдан ашык акча каражатын ээлеп алган. 2018-жылдын 30-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуулары боюнча арыздарын каттоо үчүн коштоп жүрүшкөн.

Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча бөлүмгө жалпысынан жасалма авиабилеттерди сатууга байланышкан алдамчылык иш-аракети фактысы менен 23 арыз  катталган. Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 
2,3-бөлүмдөрү (өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган жактын алдамчылык жасоосу) менен кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча бөлүмдүн кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Р.Р. аттуунун кайда жүргөндүгү аныкталып,  2019-жылдын 21-январь күнү Москва облусунун 
аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча бөлүмү тарабынан авиабилеттерди сатуу боюнча компаниянын жумушчуларынын колунан жабыр тарткан жабырлануучулардын жана ушул кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгү такталууда. Ушул сыяктуу кылмыш ишин алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Жогорудагыдай жагымсыз 
окуяларга кабылып калбаш үчүн сак болуп, авиакассалардан кассалык чектерди талап кылыңыздар деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83