www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Жээнбековдор камакка алмак тургай аянтка чыгарып атып салышсын! Мен баарына даярмын!”

Майрамбек Каримов 25-январь 2019, 16:44

Саясат


Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Жээнбековдор камакка алмак тургай аянтка чыгарып атып салышсын! Мен баарына даярмын!”

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин айланасында көптөн бери чуулуу маалыматтар кетпей жатат. Кечээ жакында мыйзамсыз жүргөн кытайларга каршы митингдин уюштуруучусу катары да каралашты. Бирок далил таба алышкан жок. Кечээ Мискенбаевди өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан (фин пол) суракка чакырышкандыгы туурасында маалымат тараган. Мээрбек мырзанын өзүнө жолугуп, так маалымат алдык.

-Мээрбек мырза, кечээ жакында эле финполиция суракка  чакырганын уктук. Кандай максатта чакырышыптыр?

-Түрдүү шылтоолорду айтып, суракка чакырышканы менен сөздүн негизги мааниси форумга барба, тынч жүр деген эле талапты коюшат. Акыркы күндөрү бийликте кимдир бирөөлөрдүн иши жүрбөй калса, митинг болсо  же чоңдордун ичи өтүп кетсе деле  менден көрө башташты. Суракка чакырганда бир аял үстүңдөн арыз жазыптыр дешкени менен  негизги тема  17-январдагы боло турчу митингге  тиешең бар деген маселенин алкагында сөз болду.  Келинчегим ооруп, митинг уюштурмак турсун өз айламды таба албай жатам десем да уккулары келген жок. Мына ушундай нерселерден тажаганымдан  16-январда Ошко кетип калдым. Митингге эч кандай тиешем жок экенин далилдейин деп, үч күн ал жакта жүрдүм.Болбой эле мага асылгандарын коюшпады. Кытайга каршы митинг боюнча мени айыптайын дешсе, бир да далил таба алышкан жок. Булардын мага койгон талаптары, форумга Атамбаевге каттаба, журналисттерге маалымат бербе. Үйдөн чыкпа тынч жүр дешет. Мен ансыз деле тынч жүрөм. Оорукана менен үйдүн ортосундамын.

-Эмне үчүн куугунтукка кабылып жатасыз? Кайсы бир маселеде калпыстыкка жол бердиңиз беле?

-Кандай калпыстык кетиргенимди билбейм. Бирок, Атамбаевди сатпаганым үчүн ушундай күнгө, жок жерден каралоого туш болуп, азап тартып жатам. Баса, Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырсындеп айтып чыкканымдан  бери куугунтукка кабылдым. Сыягы менин ал сөзүм аларга катуу тийген окшойт. Чынын айтыш керек азыр кландыктен  авторитардык бийликке багыт ала баштады булар. Ошон үчүн ким президентти жана анын жакындарын сындаса кечирим суратып, кечирим сурабаса куугунтукка алган жагдай күч алды. Форумга баргандарды аңдып, аларды куугунтуктагандын ордуна  экономиканы өстүрүүнүн жолдорун сунуштап, элди жакшы идея менен сугарып,  турмушубузду оңдоп, мамлекетти көтөрүүнүн айласын издешсе баарыбыз үчүн пайдалуу болмок.

-Форумга барба деген талапты фин полиция койдубу?

-Фин полиция эмес. Бийликтин кишилери. Алар менен жолукканымда “форумга барбай тынч эле жүрсөң  эч кандай маселе болбойт” дешти. Мен тынч жүрбөгөндө не кылып жатам. Азыр Кыргызстандан чыгып кете турган акыбалым жок, аялым ооруп жатат десем эч кимдин уккусу жок. Баса, митинг уюштурмак турсун, үй бүлөмдүн маселесин эптей албай жатканымды айтсам да ишенгилери келген жок. Кыскасы, башкалар уюштурган митингди Атамбаев жана анын тарапташтарына шылтап, кымындай тиешебиз  жок болсо да, элге жек көрсөтүүнүн айласын издеп  жатышат.

Менин аялымдай болуп эч ким оорубасын. Эгер андай дарт менен ооруп жатса бай экенине, колунда бийлиги бар экенине карабай кол сунам.  Анткени, мен ден соолуктун кадырын, оорунун азабын  билем. Менин келинчегимдин ордуна өзүлөрүнүн келинчектерин коюп көрүшпөйбү. Моралдык жактан басым кылышып, келинчегиме да кыйын болуп жатат.

-Форумга баргандарды тескеген саясаттын артында кимдер турат?

-Менимче, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков  анан Айбек Асыранкулов дегендер турат. Азыркы бийлик Атамбаевди каралап, аны жалгыз калтырабыз деген саясаттын арты менен алек болуп жатып,  чек араны бекемдөөнү, мамлекеттин коопсуздугун сактоону эстен чыгарып, форумду эле кайтаруу менен алек болуп калышты. Чынында азыр форумга келгендерди жектеп жаткандар былтыр эле өздөрү форумду сагалап, Атамбаев менен  президент өзү баш болуп, иниси төш болуп, Иса Өмүркулов болуп бир команда болуп жүрүшчү эле го. Эми алар жакшы Атамбаев жаман болуп калдыбы?  Кыйраттык дешкени менен булардын мындай сценарийи тескери жыйынтык берет. Мезгили келгенде ушундай нерселерди уюштурганы үчүн өздөрү өкүнөт. Анткени, азыркы бийлик ар бир аракети менен Бакиевдерден да жаман жолго түшүп жатканын далилдеп жатат. Бакиевдин мезгилинде дагы форумга баргандар мынчалык кысымга алынчу эмес.

-Неге антикытай митингин Атамбаев жана анын тарапташтарына шылтоого аракет кылып жатышат?

-“Атамбаев Кытайдан карыз алды. Ал карыз үчүн кытайлар жерди алат, тымызын Кыргызстанды каптап кетсе” - деп туура эмес маалыматтарды берип, тынч жаткан элди ойготуп алышты. Элди басыш үчүн антикытай митингин Атамбаев уюштурбаса да, ага шылтап, элге жек көрсөтүүгө далалат жасап жатышат. Ошон үчүн Атамбаевди сатпагандарды антикытай митингине уюштуруучу катары ыгы келбесе да,  каралап жатышат. Өкүнүчтүүсү, азыркы бийлик коомду, элди, партияны бөлүп жарып, элдин ынтымагына доо кетире баштады. Элди ошондой интригалары менен алаксытып, эл күткөн реформаны кечиктирип жатышат. Чынында бул бийлик реформа кыла албайт. Реформа жасаганга эрки да, күчү да жетпейт.

-“Айкөл Ала -Тоону” жетектөөдөн өз эркиңиз менен кеттиңизби?

-Балдарга кетип жатканымдын себебин түшүндүрдүм. Менин кесепетим тийип калбасын деп айтып, өзүңөр төрага шайлап алгыла дедим.  Кыскасы, 10 айдан бери кысымга алышканы үчүн “Айкөл-Ала Тоону” да, Мегакомдон да, мамлекеттик комиссиядан да кеттим. Бирок, анда деле жанымды тынч коюшкан жок. Чындыкка дал келбеген нерселерди айтып, тынчымды алып жатышат. Өкүнгөнүм тынч эле өткөрүп бергениме карабай  “Айкөл Ала-Тоо” кыймылына барып, Айбек Асыранкулов өз саясатын жүргүзүп, өз кишисин төрага кылууга ашыгып, ал жактын да эсин оодарып  жатыптыр. Анысына го мейли дейин, бирок, Мээрбектин адамысыңар  дегендей саясат жүргүзүп, коомдук уюмду бөлүп, жарып, интригасын баштаптыр. Асыранкулов жылма жүрүп алып, көп нерсени былгытып жатат. Жанагы Сагынбек Абдрахмановду да айдактап алып чыккандардын бири ушул негизи. Атамбаевдин жакшылыгын көрүп алып, эми жылжытма саясат жүргүзүп жатпайбы. Мышмыйып жүрүп алып котур ташы койнунда жатыптыр бул жигиттин.

-Атамбаевсиз КСДП деген кыймылдын артында ким турат?

Мага жеткен маалыматтар боюнча Чүй боюнча  ал уюмдун башында Айбек Асыранкулов турат. Бул жигит бүгүн Атамбаевди саттыбы, эртең Жээнбековду сатат. Бийлик жактан колдоо болгон үчүн КСДП Атамбаевсиз деген кыймылдын жыйындарына элди жергиликтүү бийлик чогултуп берип жатат. Бирок, булардын мындай аракети президентти аңга түртөт. Бакиевдин тагдырын кайталатат.Менден коркуп ушундай иштерге барып жатышат. Эртең Мадумаров, Текебаев деген дөөлөр чабуул баштаса шымдарын булгап качып кетишет го буларың. Элди көтөрөт деп менден коркуп жаткандан кийин, буларыңдын деле ахыбалы кыйын окшойт деп калдым. Раим миллиондон коркуп мүлкүн текшере албай жатышат. Мына бир жыл болду. Ал эбак баарын тазалап койсо керек. Раим миллионду жоопко тартмайын, бул бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө эл эч качан ишенбейт! Ушуну билип коюшсун!

-Мындан ары жогору жактын талабын аткарып унчукпай каласызбы же аракетиңизди жасай бересизби?

-Мен бардык саясатты жыйыштырып, келинчегимди сакайтып алуунун аракетин көрөм. Ошон үчүн көп убактымды үй бүлөмө арнайм...

-Ушундай ыплас акылга сыйбаган иштердин башында туруп, президенттин башын кимдер айлантып жатат деп ойлойсуз?

-Албетте иниси Асылбек Жээнбеков, ошону менен бирге тегерегиндеги кошоматчылар турат. Эртең ошолор биринчи сатат. Убагы келгенде Мискенбаев айткан эле деп чыгасыңар. Мына ошолордун тилине кирем деп президент элдин ишениминен чыга баштады. Азыр президентти жек көрө баштагандар пайда болду. Башка мамлекеттер мамлекетти өнүктүрүүнүн жолдорун, экономиканы көтөрүүнүн ыкмаларын талкуулап жатса, биздин бийлик түкүрүктү талкуулап отурат. Президент иштин көзүн таба албай жатканы үчүн мамлекет кризиске кептелип,  туңгуюкка келип  калды.

-Камалып калуудан корккон жоксузбу?

-Мен Кудайдан гана корком! Мен баарына даяр болуп калдым. Маа демектен аянтка чыгарып атып салсын! Өз чындыгым үчүн тике турам! Мен өлсөм Бакиев бийлиги  аткан октон деле өлүп калмакмын. Алардын огуна деле төшүмдү тоском. Кудай сактап аман калдым. Бир өлүмдөн калган адаммын. Дагы бир жолу кайталайм, Жээнбековдор камакка алмак тургай аянтка чыгарып атып салышсын! Мен баарына даярмын! Жанымды кашайтышты, кылбаган нерсени кылды деп жалаа жаап эзип бүтүштү, мен чарчадым...

Булак: "Ачык саясат"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83