www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Контрабандачылар өз - ара атыша кетишишти

Кызгалдак Жакыпова 26-январь 2019, 16:56

Коом


Контрабандачылар өз - ара атыша кетишишти

Чек ара кызматындагы өздүк булактын билдиришинче, аткезчилер бир жума мурда өз ара мушташа кетип, бирок курал колдонууга чейин барган эмес.

Токмоктогу "Дунларов" көзөмөл өткөрүү жайынын жанында аткезчилер бири-бирине ок чыгарды. Мамлекеттик чек ара кызматындагы маалымат булагы билдирди.

Анын айтымында, окуя 16-январга караган түнү саат 3.00дөр чамасында болгон.

"Бир апта мурда бул аткезчилер өз ара жаакташып, бирок курал көтөргөнгө жеткен эмес. Түндө көзөмөл өткөрүү жайынын жанында алар кайрадан уруша кетип, курал алып чыгышкан. Учурда окуя болгон жерди милиция кызматкерлери тосуп койду. Нөөмөттө турган чек арачылар бул маалыматты таратпоо туурасында тил кат жазып беришти", — деди айтып берген маалымат булагы.

Бажы кызматы менен Чүй облустук милициясына чалып, бирок байланыша албадык. ИИМдин басма сөз кызматынан маалыматты текшерип жаткандыгын айтышты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83