www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ихвол Узакова: “Ит, мышыктан жуккан илдет өлүмгө чейин алып барат”

Кызгалдак Жакыпова 13-февраль 2019, 12:05

Ден-соолук


Ихвол Узакова: “Ит, мышыктан жуккан илдет өлүмгө чейин алып барат”

Кыргызстанда малдын саны арбыганы менен ветеринардык көзөмөлдүн жетишсиздигинен боордун мите курт (эхинококкоз) оорулары жылдан жылга көбөйүүдө. Аталган оорунун негизги себептерин №15 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо жана кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери Ихвол УЗАКОВА айтып бермекчи.

-- Эхинококкоз оорусу деген эмне?

-- Эхинококкоз – бул боордун мите курт оорусу. Эхинококкоз менен ооруган адамдын боорунда, өпкөсүндө, мээсинде ыйлакчага окшош эхинококктун  личинка формасы пайда болот. Эхинококкоздун өзгөчөлүгү анын көп жылдар бою клиникалык белгилери сыртынан билинбей өсүшүндө. Качан гана ыйлакчалар чоңоюп, оору күч ала баштаганда гана билинип, дарыгерге кеч барышат. Биздин өлкөдө жылына миңдеген жарандар эхинококк ыйлакчаларын алдыруу үчүн хирургдарга кайрылышат. Чындыгында бул илдетке кабылгандардын саны аз эмес.

-- Аталган оорунун алгачкы белгилерин кантип билүүгө болот?

-- Булар: алсыздык, баш оору, айрым учурларда дененин кычышуусу, шишик жана ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү кирет. Эгерде эхинококк ыйлакчасы боордо жайгашса (мындай учурлар адамда 80% кездешет), анда ал адамдын өңү керсары тартып, оң жак кабыргаларынын асты, оң колунун жана аркасынын ооруксунганы сезилет. Эгерде ыйлакчалар өпкөдө болсо, анда адамдын дем алуусу кыйындап, энтиккени, кан түкүрүүсү, көкүрөгүнүн ооруганы жана катуу жөтөлгөнү байкалат. Айрым учурда эхинококкоз дарты адамдын денесинде билинбей тынч жаткан кургак учук, аллергия, бөрү жатыш сыяктуу дарттарды козгойт. Бул жугуштуу оору! Акыркы мезгилде көп адамдар эхинококкоздун оор түрү болгон – альвеококкозго чалдыгууда. Ал коркунучтуу рак оорусуна барабар. Жылына кеминде 130 киши бул илдетке чалдыгып, бооруна операция жасатышат. Операциянын баасы дагы арзанга турбайт.

-- Мындай илдет адамга кандайча жугат?

-- Адамга бул оору көбүнчө ит, мышыктан жугат. Анткени, алар адамга жакын жашаган жаныбар. Эгерде ит эхинококкоз менен ылаңдаса, ал өзүнүн ээсине жана айланасындагы адамдарга ооруну жугузушу мүмкүн. Ылаңдаган иттин ичегисинде эхинококктун личинкалары жыныстык жактан жетилген мите куртка айланышат. Ит заңдаганда аны менен кошо эхинококктун жумурткалары сыртка чыгып, топуракка, сууга, чөпкө түшүп айланага тарайт. Кургап калган ылаңдаган иттин заңындагы эхинококктун жумурткаларын шамал туш-тушка учуруп таштайт (мисалы, жайыттарга, бакчаларга, оозу ачык коюлган тамак-аштарга, идиштерге түшүшү мүмкүн). Эхинококктун жумурткалары айлана-чөйрөнүн катаал шартына өтө туруктуу келишет. Алар аязга, ысыкка чыдамдуу келип, нымдуу жерде көпкө сакталат. Айлана-чөйрөдөгү эхинококктун жумурткалары адамга ооз аркылуу гана булганыч тамак-аш, суу менен кошо кирип жугат.

-- Кантип оорунун алдын алуу керек?

-- Бул оорудан сактануу үчүн өздүк гигиенаны сактоо зарыл! Сөзсүз түрдө колуңузду тамак ичердин астында самындап жууңуз. Ачык жерден же кудуктан алган сууларды кайнатып, жашылча, жемиштерди жууп жеш керек. Ошондой эле ар бир үч ай сайын ит, мышыкты жергиликтүү ветеринардык кызматкерлерге көрсөтүп, эхинококкозго каршы дарылап туруу абзел. Ден соолугу текшерилбеген ээси жок, жолбун ит, мышыктан алыс эле болгон оң. Мал союлган кезде боор, өтү жабыркаган болсо,  итке же мышыкка бергенге болбойт. Аны жөн гана көмүп салса болот. Ата-энелер балдарга өздүк гигиенаны үйрөтүп, тазалыгын көзөмөлгө алып туруусу шарт. Тазалыкты сактоо менен эхинококкоз оорусунун алдын алсак болот. Эгер мындай дарттарга чалдыгып калгандар болсо, убакытты создуктурбастан, тезинен дарыгерлерге кайрылуусу зарыл.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83