www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мимоза Жапаралиева, врач-гинеколог: “Инфекциялык оорулар менен жабыркаган аялдар арбыды”

Кызгалдак Жакыпова 04-февраль 2019, 16:26

Ден-соолук


Мимоза Жапаралиева, врач-гинеколог: “Инфекциялык оорулар менен жабыркаган аялдар арбыды”

Аялзаты табияттан назик, бирок чыдамкай болот эмеспи. Бала-бакыра, үй тиричилик, тууган-урукту биринчи орунга коюп, анча-мынча ооруга маани бербей келишет. Мындай көрүнүш акырындык менен курчуп отуруп, жан чыдагыс ооруга алып келет. Андыктан, ар бир аял өз ден соолугуна кам көрүп, алты айда бир дарыгердин кароосунан өтүп туруусу зарыл.

-- Аялдар бүгүнкү күндө кандай оорулар менен көп кайрылып жатышат?

-- Медицина тармагында он төрт жылдан бери эмгектенип келе жатам. Чындыгында бул аралыкта улуу, кичүү дебей инфекциялык оорулар менен жабыркагандар көп. Өзгөчө эрозия, миома илдети менен кайрылышууда. Ошондой эле пландалбай бойго бүткөн бала ара төрөлүп же түйүлдүк кезинде эле өспөй калган учурлар дагы жок эмес.

Эрозия – бул жатындын оозунун жабыркашы. Ал жыныстык катнаш аркылуу жана оор төрөттөн, аборттон жуккан инфекциялык оору. Эрозияны айыктыруу жолу эки түрдө жүргүзүлөт. Жаңы башталган кезде дары-дармектин жардамы менен айыктырса болот. Ал эми күчөп кеткен түрүн күйгүзүү жолу менен гана дарылоо кажет.                                                                                                                               

Миома – бул жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Ал жатынга, таманга суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо пайда болот. Миома кичинекей көлөмдө болсо дайыма көзөмөлгө алып, дарылап туруу зарыл. Ал эми көлөмү чоңоюп кеткен учурда операция жолу менен алынат. Аталган оору менен ооругандар бууга (пар) отурууга жана күнгө күйүүгө болбойт. Анткени миома ысыктан күчөп, көбөйүп баштайт.

-- Кантип баланы туура пландоо керек?

-- Азыр жаңы турмушка чыккан келиндердин көпчүлүгү баланы пландоону билишпейт. Ар бир аялзаты баланы пландоодо дарыгерге көрүнүп, тиешелүү витаминдерди ичип, андан соң баланы пландашса, ден соолугу чың балдар төрөлөт. Көпчүлүк аялдар оору күчөп, жан кейитип баштаганда гана кайрылышат. Кош бойлуу кезде сасык тумоо ж.б. вирустук оорулар менен ооруса, таңдайы жырык, жүрөк кемтиги менен же ара төрөлүп калган учурлар көп кездешет. Кош бойлуу аял стресс болбой, өзүнө жана курсактагы балага туура көм көрүп, спирт ичимдиктеринен жана тамекиден оолак болусу шарт. Ар бир аялзаты алты айда бир, эң жок дегенде бир жылда бир медициналык кароодон өтүп, ден соолугуна кам көрүшсө...

-- Азыр аборт кылып алдыргандар көбөйдү. Ага жеткирбей күтүүсүз кош бойлуулуктан сактоочу кандай каражаттар бар?

-- Туура. Күтүлбөгөн кош бойлуулук дайыма эле бакыт алып келе бербейт. Андыктан арты аборт менен аяктайт. Бирок, ага жеткирбей алдын ала сактануу жолдорун биле жүргөн оң. Ошондо гана аборт кылдыргандардын саны азаят да. Күтүүсүз кош бойлуулуктан сактоочу каражаттар: жатын ичине салынуучу спиралдар, презерватив колдонуу, гормоналдык таблеткаларды ичүү, ийне саюу, календардык ыкма жана хирургиялык жолдору дагы бар. Ал үчүн атайын дарыгердин кароосунан өтүп, организмине же шартына, планына жараша жогорудагы сактоочу каражаттардын бирин колдонушса болот.

-- Учурда турмушка чыга элек жаш кыздар деле гинекологиялык оорулар менен жабыркашууда, булардын себеби эмнеде?

-- Аялзатына тиешелүү оорунун көпчүлүгү суук тийүүдөн башталат. “Сулуулуктан жылуулук” деп илгери бекер айтпаса керек. Жаш кыздар көбүнчө жука кийинип алып, суук тийгизгендер арбын. Өзгөчө тамандан өткөн суук көп ооруну козгойт. Ошондой эле жыныстык катнашка эрте баргандар инфекциялык ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Туура эмес тамактануу, таза эмес экология дагы гормондордун бузулушуна алып келет. Азыр киста жана кандидоз (молочница) оорусуна кабылгандар көбөйүүдө.

Киста – бул ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып, жатында эмес, жумурткада пайда болот. Киста көбүнчө гормоналдык бузулууга учураганда, айыз эрте жашында келгенде, бойдон алдырууда, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болот. Кистаны өз алдынча дарылоого болбойт, сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө болуу кажет.

Кандидоз (молочница) – бул организмдги кандидоз грибогу башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде молочница оорусу пайда болот. Бул илдет гормоналдык дары-дармектерди көп колдонгондо, иммунитет төмөндөгөндө жана чыйрыкканда пайда болот. Мында жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар былжыр бөлүнүп чыгып, ыңгайсыздык жаратат. Ал эми иммунитети күчтүү болсо мындай ооруга кабылбайт.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83