www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дамир Сагынбаевдин маалымат жыйыны

Айдар Нуралиев 08-февраль 2019, 09:36

Саясат


Дамир Сагынбаевдин маалымат жыйыны

7-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иштердин бир жылдык жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Маалымат жыйыны 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жыйынтыктарына арналды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө бир топ иштер аткарылганын билдирди. Жалпысынан өткөн жылы коррупция фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголгон. Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке зыян келтирүүнүн суммасы 6 млрд 927 миллион сомду түзгөн.

Маалымат жыйынын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулукта кызуу талкууланып, резонанс жараткан коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштерине токтолуп, кенен маалымат берди.

Ал коррупция фактысы боюнча чуулгандуу кылмыш иштерин атап, мамлекетке миллиард сомдук зыян келтирүүлөр менен ири коррупциялык схемалар ачыкталганын, буга ири саясий кызмат адамдары катышканын айтты.

Маалымат жыйынын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83