Майрамбек Каримов 08-февраль 2019, 10:07
Теле алып баруучу Максат Довранов ЖМКлардын бирине берген маегин Инстаграмдагы "сторис" бөлүмүнө жарыя кылып "Көптөн күткөн суроолорго жооп берейин. Сайкал экөөбүздүн ажырашканыбыз чын"- деди.
Мындан сырткары алып баруучу мырза бул темага кайра кайрылгысы келбегенин айтып, күйөрмандары түшүнүү менен кабыл алуусун суранды.
Учурда Египетте эс алып жүргөн ырчы айым бул тууралуу үн ката элек.
Эске сала кетсек, NazarNews.kg маалымат агенттиги бул тууралуу биринчилерден болуп жазган.
"Азыркы тапта "Кыз бурак" тобунун аткаруучу директору жана жеке ырчы Сайкал Садыбакасова жолдошу Максат Довранов менен ажырашып кеткени тууралуу күбүр-дыбыр кептер тарап жаткан маалы. Биздин ишенимдүү булактардын маалыматтарына таянсак, түгөйлөр мыйзамдуу түрдө ажырашууга арызын жазып эки ажырым жолго түшкөндөрү чындык болуп чыкты. Түгөйлөр бул чечимди жай мезгилинде эле кабыл алып, сентябрь айынын башында арыз жазышкан.
Учурда Сайкал борбордо, ал эми Максат Ошто өз иштери менен алек болуп жүрүшкөн маалы экен. Чыгармачылыктан алыстай түшкөн таланттуу ырчы айымдан эми жагымдуу ырларды жана клиптерди күтсөк болчудай... "
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!