www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азамат Байматовдун апасы: "Атасынын сөзүнө уулум экөөбүз кучакташып алып ыйлаганбыз..."

Перизат Кутманалиева 08-февраль 2019, 18:44

Ден-соолук


Азамат Байматовдун апасы: "Атасынын сөзүнө уулум экөөбүз кучакташып алып ыйлаганбыз..."

Дасыккан футболчу, кыргыздын желегин желбиретип, намысын коргоп келген Азамат Байматовдун жараткан ийгиликтерине күбө болуп келебиз.Бирок мындай ийгиликтин артында кандай мээнет, кыйынчылык жатканын ар бирибиз эле жакындан билбесек керек.Футболчунун кандай үй-бүлөдө, чөйрөдө чоңойгонун, анын футболго болгон сүйүүсүн ким ойготконун апасынын оозунан уктук.

-Канча жашынан тартып өз алдынча акча тапканды үйрөндү?

- 10-классында “Алай” клубунда ойноп 3000 сомдон айлык алчу.Акчасын алган сайын атасы экөөбүзгө берип турчу.Негизи Азамат дайыма изденүүнүн үстүндө болду.Окуучулук кезинде эле жарнама агенттигине жумушка орношуп алып иштеп жүрдү.Кийин мектепти аяктап ОшМУнун дүйнөлүк тилдер бөлүмүнө тапшырган.Ошондо да бизге күч келбесин деп “Алай” клубунун президентине кирип окуусуна төлөгөнгө акча сураптыр.Анысын ай сайын айлыгынан төлөп кутулган болчу.Акча жагына келгенде азыркыга чейин жакшы эле каралашат.

- Футболдун ырахатынан сырткары түйшүгү да көп эмеспи.Эне катары сиздин жүрөгүңүздү ооруткан кырдаалдар болду беле?

- Шаарда стадиондогу оюндарын калтырбай көрөбүз да.Баягыдай уялып отурбай азыр кыйкырып сүрөөн кылганды үйрөнгөм.Ойноп атып жыгылып кетсе жүрөгүм “болк” дейт.Үйгө келгенде кебетесин көрсөң бир укмуш: буттарынын баары көк ала, денеси сыйрылган...Бутунун манжаларын көрүп ыйлагым келет.Футболчулардын бут кийиминин таманына учтуу майда темирлер бекитилген болот да.Бири-биринин бутун тебелеп кеткенде манжалары жанчылып, тырмактары сынып кетет тура.Булар го майда жарааттары, мындан чоң нерселерине жүрөгүм ооруган учурлар көп эле жолу болгон.2013-жылы Антальяга учуп кеткен эле.Эртеси менин туулган күнүм болчу, машыктыруучусунан мага жакшы сумка берип жибериптир.Өзү болсо Казакстанга учам деп айткан болчу.Көп өтпөй эле “Бишкекке чыктым.Мени аэропорттон тосуп алгыла” деп билдирүү жөнөтүптүр.Эне болгондон кийин санаа тартып жүрөгүм түпөйүл боло түштү.Атасы экөөбүз аэропортко барсак өңү купкуу болуп маанайы жок келди.Көрсө, катуу машыгып коюп бооруна күч келиптир.Кийин 7-классында Оштогу “Ак-Буура” командасына алынды, көп өтпөй “Алай” клубуна которулду.Атасы оюндарын калтырбай көрчү.Бир күнү мени да ээрчитип алды.Мен болсо кошуналарымдын баарын ээрчитип алгам.Ал кезде футбол көрүп атканда кыйкырып сүрөп отурганды билбейм да.Азамат биринчи голду киргизгенде атасы, кошуна байке кыйкырып тура калышты.Мен болсо маңдайыбызда турган милиция кызматкеринен тартынып кошунамды: “Байке, акырын отургулачы?!”-деп тыйгам.Көрсө, уулумдун эң биринчи эмгеги ошол болуптур.

- Бала кезинде эртеден-кечке ойноп кетип сизди убара кылган учурлары көп эле болсо керек?

- Азамат 1-класска барганда жаңы үйгө көчкөнбүз.Үйүбүз Ак-Бууранын боюнда болуп, жаныбызда футбол талаасы анан бассейн бар эле.Балалыгы ошол аянт менен бассейнде эле өттү.Үйгө кайсы маалда чалбайын, “Азамат сабактан келди, сумкасын ыргытып чала-була тамак ичип футбол ойногону кетти” дегенден башканы укчу эмесмин.Үйдө болгон кезде терезеден кыйкырып тамакка чакырсам оңой менен келчү эмес.Кээде атасын чакырып кел деп жиберсем ал да кыйлага чейин жок болуп кетчү.Көрсө, уулунун ойногонун көрүп отура берчү экен.Чайды, тамакты куюп койчумун, Азамат чуркап келип шашып ичмейи бар болчу.Бир жолу адаттагыдай эле чуркап келип тамакты ичип, артынан чайды ууртаса ысык экен.Тили күйүп калып муздак суу ичейин десе суу чыкпай калыптыр.Ашканадагы муздаткыч бою мен тең болчу.Тоңдургучун ача калып башын салып музду жалаган экен, тили жабышып калыптыр.Күчкө салып муздан тартып ийсе тили канап кетиптир.Көпкө чейин сүйлөй албай кыйналып жүргөн.Футболдун айынан көп эле кызыктуу күндөр өттү.Кээде жаан жааган күндөрү бутума суу кирбесин деп эки целлофан баштыкты өтүктүн сыртынан кийип алып топ ойноп кетчү.Футбол менен эле чектелбей балам кичинесинен бир туугандарына күйүмдүү, бизге камкор болду.Карындашы өзүнөн 9 жаш кичүү да.Азамат онго чыккан кези болсо керек эле, “бөбөгүңдү ойнотуп карай тур, эки саатта келем” деп бир жерге чыгып кеткем.

-Азамат футбол дүйнөсүнө кантип аралашып калды❓

- Негизи Азамат төрөлгөнгө чейин эле жолдошум экөөбүздүн спортко болгон кызыгуубуз күч болчу.Экөөбүз тең мамлекеттик жумушта, укук коргоо органында иштедик.Бош убакытта ар кайсы командага кошулуп волейбол ойночубуз.Атабыз футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат болор маалды жарым жыл мурда билип туруп жумушунан эмгек өргүүнү ошол убакка тууралап алчу.Анан сыналгынын жанынан чыкпай оюн көрчү.Мен болсо 55 жашка чыкканга чейин волейбол ойнодум.Стол үстүндөгү теннисти азыркыга чейин жакшы көрөм.Балким ушул нерсе уулумдун футболго болгон сүйүүсүн өстүрдү окшойт.Агаларына, карындашына салыштырмалуу кичинесинде эле кыймылдуу болуп жаны тынчу эмес.Эмгектеген кезинде ары-бери карагыча жөргөлөп кетип артынан кууп эле жүрчүмүн.Эшиктин алдында волейбол ойногон аянтча болор эле.Атасы экөөбүз ойногондо Азаматты ээрчитип алчубуз.Бизге тоскоол болбосун деп атайын тордун ичине киргизип топ берип коёбуз.Ошол топту кубалап, тээп ойноп турчу.“Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет” дейт.Ал кезде Азаматтын футболчу болорунан деле кабарыбыз жок болчу.

- Канчага чыкканда уулуңуздун футболчу болоруна көзүңүз жетти❓

- 5-классында боору ооруп калды.Доктурлар ден соолугуна байланыштуу убактылуу футбол ойнобо дешкен.Байкуш балам ошондо күн санап жүрүптүр.Бир күнү мага: “Апа, 28 күн өттү, эми 2 күн өтсө футбол ойносом болот э?”-деп атпайбы.Ошондогу жалооруган көз карашы дале эсимде.Жүрөгүм ооруп, уулумдун жашоосу футбол болуп калганын ошондо түшүнгөм. Атасы дароо эле “ооруканага жатасың” деди.Доктурлар “дарылангыча 5-6 ай футбол ойнобойсуң” дешти.Ошондо ооруканадан уулум экөөбүз кучакташып алып ыйлаганбыз.Анткени Азамат өзү эле эмес, мен дагы анын футболсуз жашоосун элестете албайм.Андан кийин акыркы алган жарааты да оңой болгон жок.Азия Кубогун көп жылдан бери күтүп даярданып жүргөн да.Аз калганда тизесинен катуу жараат алды.Бир байламтасы үзүлүп кетиптир.Болбой эле күчкө салып машыгып ойноп жүрдү.Такыр болбой калганда доктурлар операция кылабыз дешти.Буюрса жарым жылдан кийин калыбына келет экен.“Эмне үчүн ушундай болуп калды, бул оюнду күтпөдүм беле” деп жаман болду.Ушундай учурларда “балам футболсуз кантип жашайт” деп сарсанаа болом.

- Сиз кандай ойлойсуз, Азамат оюнга катышканда биздин команда жеңет беле❓

- Аны так айта албайм.Бир билгеним, уулум оюнга бүт күч-аракетин жумшамак.Командага да чоң салым болмок.Таймашта анын жоктугу кадимкидей билинип турду болуш керек.Азамат өзү “гол киргизгенге биздин командада жакшы мүмкүнчүлүктөр болгон” дегендей кылды.Бирок “мен катышканда жеңишке жетмекпиз” деп деле айткан жок.Баары буйруктан экен.

- Эне катары уулуңузга кандай талаптарды коёсуз❓

- Бүгүнкү күнгө чейин 16дан ашуун мамлекетке барып келди.Бир жакка уча турган болгондо колуман телефон түшпөйт.Баарын билдирип тур дейм.Мунумду жакшы билгендиктен айтканымды эки кылбайт.“Апа, жеттим, жайланыштым, баары жакшы” дегенде телефонду таштайм.Оюндары болгондо уйку жок.Ал жактарда убакыт ар кандай да.Түнкү экиби же таңкы бешпи уктабай отура берем.Биринчи эле кезекте жараат албаса экен деп тиленем.Өзү оюн бүттү деп билдирүү жөнөткөндө гана жаным жай алат.

Булак: "Леди кж"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83