www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтобүбү Якупбаева: “Интернетке азгырылган жаш балдар психикалык ооруларга чалдыгышат”

Перизат Кутманалиева 09-февраль 2019, 14:26

Саясат


Токтобүбү Якупбаева: “Интернетке азгырылган жаш балдар психикалык ооруларга чалдыгышат”

Азыркы өнүгүү заманында бири-бирибизге караганда техника менен көбүрөөк убакыт өткөрөбүз. Күн-түн дебей телефон кармап жатып уктайбыз. Бул нерсенин баары ден соолукка терс таасирин тийгизип жатканын билсек дагы, моюндагыбыз келбейт. Мунун кесепетинен психикалык бузуулууларга да дуушар болуудабыз. Бизде “психиатр” десе эле “психиатрга баргыдай мен эмне жинди болуп калдымбы?” деп көрүнүүдөн чоочулашат.

Бирок, эпилепсия, депрессия, стресс, психикалык бузулууларга дуушар болгон адамга психиатрдын жардамы зор. Бул боюнча кенен маалымат алуу үчүн 30 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жаткан Токтобүбү Якупбаева менен маектештик.

-- Алгач айтсаңыз, психикалык бузулуу деген эмне?

-- Психикалык бузулуу – бул адам баласы ой жүгүртүү жана ички сезимдерин башкара билүү жөндөмдүүлүгүн жоготуу. Мындай учурда сиркеси суу көтөрбөй, жашоодон кыйкым издеп, ар дайым нерв системасы чыңалып турат. Ошондой эле жүрүм-турумунун бузулушу дагы себепкер болот. Көпчүлүгү бүк түшүп жатып калса, айрымдары тескерисинче урушчаак, таарынчаак болуп өзгөрөт. Адам баласынын психикасынын бузулушуна анын мүнөзү себеп болбойт. Психикалык ооруга мүнөздүү белгилер узак же кыска убакытка созулушу мүмкүн. Азыр жаш балдардын көпчүлүгү интернет аркылуу психикалык бузуулууларга алып келүүчү видеолорду, жаңылыктарды, согушмай, атышмай, уруш оюндарды көрүшөт. Алгач билинбегени менен бара-бара психикасы жабыркап, жапа чегет. Ал эми  шизофрения бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү майыптуулукка алып барган психикалык бузулуулардын эң оор түрүнө кирет. Акыр аягы кыйынчылык туудурса дагы, көпчүлүк адам баласы бул ооруга анчейин маани бербей келет. Бактыга жараша психикалык ооруларды айыктырууга мүмкүн. Болгону алгачкы белгилери байкалганда эле дарыгерге кайрылуу зарыл.

-- Бизде психикалык оорулар менен жабыркашса “кыргызчылык” деп дароо молдого барышат эмеспи, ушул туурабы?

-- Илгери биз окуп жүргөндө, 30-40 жыл мурун молдого бир оору менен кайрылсаң дем салып, ырым-жырымын жасачу. Бирок, колунан келбей турган болсо дароо дарыгерге багыттап, “менин күчүм жетпейт экен” деп ачык айтаар эле. Ал эми азыр молдо-кожо көбөйдү. Көпчүлүгү “баардык дартты айыктырам” деп кабыл алышат. Кабыл алуусуна “баланча же түкүнчө” деп акча да сурашат. Бирок, моралдык жактан гана жардам бериши мүмкүн. Баардык дартты айыктырып салууга алардын кудурети, күчү жетпейт. Себеби, кыргызда “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген кеп бар эмеспи. Ар бир адам оорусуна жараша атайын дарыгерлерге кайрылышса жакшы тыянак чыкмак.

-- Сизге көбүнчө кайсы курактагы адамдар кайрылышат?

-- Азыр байкасаңар зордук-зомбулукка кабылган жаш балдар абдан көбөйдү. Зордукталып, психикалык жактан жабыркаган жаш кыздар дагы аз эмес. Бирок, алар дарыгерге келип баарын ачык айтып берүүгө белсенишпейт. Бир жагынан коркушса, бир жагынан намыстанышат. Жыйынтыгы суицидге чейин алып барууда. Ал эми жашы өтүп, улгайып калгандар бизге кайрылып, жардам сурашат. Аларга организмине жараша дары-дармектерди жазып берип, көмөк көрсөтөбүз. Зордук-зомбулукка кабылган балдарга жеткиликтүү маалымат берип, өз жанын кыюу менен көйгөйлөр чечилбей турганын түшүндүрүү кажет. Биздин ооруканага катталбаган башка райондун жашоочулары дагы мага кайрылышат. Анткени, бизде психиатр врачтар жетишсиз. Себеби, айлык акы аз. Тажрыйбалуу дарыгерлердин көбү чет мамлекеттерге иштеп кетишкен. Натыйжада, элде психикалык оорулар туурасында маалымат жетишсиз.

-- Депрессия менен стресстин айырмасы эмнеде?

-- Депрессиянын түрлөрү абдан көп. Бирок, бизде бул жөнүндө түшүнүк аз. Депрессия – көңүл чөгүү. Бул дарт жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө оор. Жаз алды менен аба ырайы алмашат эмеспи. Ушул маалда да организмде депрессияны колдой турган ыңгайлуу шарттар, биохимиялык өзгөрүүлөр пайда болот. Адамдын башында сератонин деген зат бар. Эгер ал бөлүнүп чыкпаса биз депрессияга түшүп калабыз. Бүгүнкү күндө 20%га чейинки адам депрессиянын оор абалында турат. Бул бизде эле эмес өнүккөн өлкөлөрдө деле көп кездешүүчү оору. Көбүнчө кызматтан түшүп калгандар, жумушунан айрылгандар, карылыкка моюн сунгандар, жакындарын жоготуп, жашоодон өз ордун таба албай калгандар депрессияга туш болушат. Алар артын караса кетирген каталары көрүнүп, алдын караса келечек көрүнбөй туман болуп калат. Жашоого болгон кызыгуу, умтулуу жоголот. Ал эми стресс – адамдын эмоционалдык тынчтыгынын бузулушу. Башкача айтканда, жагымсыз кырдалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу. Эгерде стресс узакка созулуп кетсе, анда нерв системасынын чыңалуусунан улам адамда кан басым көтөрүлүп, шакый, кант диабети, жыныстык жактан шалдык келип чыгат. Стресс тери жана аллергиялык оорулардын жаралуусун да козгойт. Ошондой эле ичкилик ичип, баңгизат колдонууга жетелейт. Андыктан ар бир адам жандүйнөсү өзгөрүп, көңүлү чөгүп, өмүрүндө коркунуч жаралып, өзүнө болгон ишеними жоголсо, дароо психиатрга кайрылышса деп кеңеш берет элем.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83