www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Искендер Гаипкулов: “Азыр парламент тарай турган, пикир келишпеген, тирешти күчөткөн жагдай, жаңжал деле жок”

Перизат Кутманалиева 09-февраль 2019, 14:11

Саясат


Искендер Гаипкулов: “Азыр парламент тарай турган, пикир келишпеген, тирешти күчөткөн жагдай, жаңжал деле жок”

- Жогорку Кеңеш ресурсун түгөтүп, элдин ишеничинен чыктыбы?

- Жогорку Кеңеште парламент тарайт деген сөз жок. Депутаттар баштагыдай эле мыйзам жазып, тиешелүү маселелерди талкуулап жатабыз. Өкмөт менен деле тил табышып, фракциялар деле бири-бирин түшүнүшүп, кадимкидей эле иштеп жатабыз. Эгер парламент ишин жөндөй албай жатса же өкмөт менен тирешип, түшүнбөстүктөр жаралса президент өкмөттү же парламентти таркатууга аргасыз болмок. Азыр парламент тарай турган, пикир келишпеген, тирешти күчөткөн жагдай, жаңжал деле жок. Сыягы, парламенттеги маселелердин баары телевидение жана интернет сайт, социалдык сеттер аркылуу элге түз жетип жатканы  үчүн депутаттар баштагыдан да көбүрөөк сынга кабылып,   айрым депутаттардын көтөргөн  маселелерине да реакция тез болуп жаткандай. Ошон үчүн парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу  да түрдүү пикирлер айтылууда.

Негизи акыркы кезде позитивди жазгандар, элге жеткиргендер аз. Айтайын дегеним, парламентке келген журналисттин көбү эле депутаттардын жетишкендиктерин, жакшы жактарын эмес, катачылыктарын издешет. Ошон үчүн айрым  жарандарыбызга парламенттин ресурсу түгөнүп жаткандай сезилип жатса керек.

Булак: "Фабула"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83