www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлжан Шерипбаева: "Кудай ар кимдин бешенесине ар кандай ырыскы берет"

Перизат Кутманалиева 09-февраль 2019, 17:08

Саясат


Гүлжан Шерипбаева: "Кудай ар кимдин бешенесине ар кандай ырыскы берет"

Өткөн айда Алмазбек Шаршеновичтин кабыл алуусунда болуп, эки сааттан ашык баарлаштык эле. Көп сөздөр болгон: алдыдагы саясый кырдаал, мамлекеттин келечеги, КСДПнын парламенттик шайлоого даярдыгы, анан айтылбай турган да курч-ой пикирлер орун алган. Ошол маектешүүнүн аралыгында үч-төрт ирет Райым Матраимов боюнча да кеп болгонун ыңгайы келип турганда ортого салайын. Атамбаев «Райым тоону томкоргон жигит. Мен буга чейин аны сындап, согуп келдим эле, эми баарын токтоттум…» дегени эмнени билдирет? Албетте, бүркүт алыстан бүркүттү тааныган сыңары, саясатта, элдин көзүндө келишпестик болсо да, тар чөйрөдө өткөн күндөргө камчы салбай, кайсы бир деңгээлде баалоо, душман болушса да татыктуу түрдөгү тизгин тартышуу катары сыпаттагам. Бирок, «Апрель» телеканалы болбой эле «шыбап» атканы – алардын чыгармачылык эркиндиги го?.. Жашоо али алдыда, Райым мырза келечекте дагы далай тоолорду томкорот…

Гүлжан Шерипбаева, «Назар ньюс»  сайтынын ээси:

– Кыргыздар бар болсо көралбайыз, жок болсо бералбайбыз да, ушунубуз бир аз жакпайт. Кызыгы, Раим Матраимов Кыргызстанда чоң кызматтарда отуруп, мамлекеттик мекеменин бирөөсүн жетектебесе дагы коомчулукта суу кечпеген ушак-айыңга аралаштырып ийишкени жеке мени таңкалтырып келет. Алтургай аттуу-баштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да көп жолу оозунан түшүрбөй келди. Мага Райым мырзанын сабырдуулук мүнөзү жагат. Коомчулукта, соцтармактарда бул жигитти кандай талкууга алып, жакындан билгендер анын жигитчилик сапатын баса көрсөтүп атса, көралбагандар шоона эшпеген калптарды кабелтең айтып, өзгөчө «фейктер» болбогон «жугунду» сөздөрдү жазышканын токтотпой койду. «Басмайылдын өткөнүн ээси билбей ат билет, эр жигиттин эмгегин өзү билбей жат билет» деп коюшат. Райым Матраимовдун элге кылган жакшылыгын санап отуруунун кажети жок. Болгону биз элге жакшылык кылган адамды качан баалап, баркына жеткенди үйрөнсөк деп айткым келет. Кудай ар кимдин бешенесине ар кандай ырыскы берет, ага көз артып кереги жок. Кут кылсын! Ырыскысы өзүнө буюрсун.

Булак: "Азия ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83