www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар тобу аудитордук иш жаатындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу демилгесин сунуштоодо

Перизат Кутманалиева 11-февраль 2019, 11:13

Саясат


Депутаттар тобу аудитордук иш жаатындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу демилгесин сунуштоодо

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети корпоративдик финансы отчетун жана аудитти жөнгө салуу жаатында институттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү жана аудитордук иш жаатындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоору аркылуу “Аудитордук иш жөнүндө” жана “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, аталган мыйзам долбоору аудитордук уюмдарга талаптарды күчтөндүрүү, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Азыркы учурда 112 аудитордук уюмдар жана 33 жеке аудиторлор иштеп жатат. Кыргызстанда аудитордун сертификатына ээ болгон 407 аудитор бар, алар жеке аудитор катары да эмгек келишимдеринин негизинде иштеп жатышат.

Мыйзам долбоору аркылуу өлкө аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашырууга бирдей талапты камсыз кылуунун, аудит жүргүзүүдө аудитордук кызматтын сапатына натыйжалуу көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнүн зарылдыгын эске алуу менен, аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгаруу сунуш кылынууда деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83