www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

Перизат Кутманалиева 11-февраль 2019, 13:57

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Иран элин ислам ыңкылабынын жеңишинин мааракелүү 40 жылдыгы менен куттуктайм.

Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелер элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделет деп терең ишенем.

Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Иран элине — бакубатчылыкты жана өркүндөөнү каалайм!», — деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83