www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абулгазиев тазабы же былыгы барбы?

Перизат Кутманалиева 11-февраль 2019, 14:45

Саясат


Абулгазиев тазабы же былыгы барбы?

Эгемендүүлүктү алганы премьер министрлик тактын багы ачылбай койду. Бир жылга жакын бул кызматта иштеген Мухамметкалый мырзанын дагы басмайылы бошоп, артынан жагымсыз сөз ээрчип калды. Айталы дегенибиз, бул кызматка келгендердин көбүнө кылмыш иши козголуп, сурак бергендеринен дагы абакка камалгандар да жок эмес. Эми Абулгазив иштен кетсе былыгы чыгабы же таза иштедиби ошондо билинет. Дегенибиз, Сапар Исаковдой “ кап, иштеп турган учурда бул тармакка көңүл бурган эмес экенмин” деп өкүнгөндөй, өкүнүп калбаса болду деген эле кеп. Бизде жасаган ишти эмес, кылган күнөөнө гана көрүп, жазага тартууда көп эле кемчиликтер кетип жатканы да чын. Азырынча  Мухаммедкалыйдын жасаган иштерине көңүл бурулбайт, качан иштен кеткенде гана “тигини тигинтип салыптыр, муну минтип салыптыр” деп кызыл-кыргын, будуң-чаң болуп калары да турган иш.

Андыктан өкмөт башчы азырынча таза, бирок иштен кеткенде гана булганыч экени билет. Бул эми кайталанып эле келе жаткан иш экенин эч ким тана албайт.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83