www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Назира Айтбекова: "Балдарын "колуңан бок келбейт" деп тарбиялагандай, өлкөбүздү да ошентип сындырып койсок керек!"

Перизат Кутманалиева 11-февраль 2019, 15:33

Коом


Назира Айтбекова: "Балдарын "колуңан бок келбейт" деп тарбиялагандай, өлкөбүздү да ошентип сындырып койсок керек!"

Өзүнүн өзгөчө ойлорун ар дайым интернет баракчасы аркылуу жарыя кылып, талкууга жем таштаган алып баруучу Назира Айтбекова бул жолу да чыркыраган чындыкты жазып чыкты.

"Мыйзам иштебейт, мыйзам жок деп үнүбүз бүткүчө кыйкырабыз го. Мыйзам ишке кирсе деле мыйзамды жактырбай, кыйкым издеп кыйкыра беребиз. Ажобуз жакпайт. Депутаты, министири, кызматкерлери, ырчылары - чоорчулары, өлкөбүз, бири бирибиз, айтор баары жакпайт. Түмөндүү түйшүк түрө карасаң.

Баягы "Элдин балдарын карачы" деген ата - энедей. Балдарын "колуңан бок келбейт" деп көзгө - башка уруп атып, жүдөгөн, жашоого сынган, өзүнө ишенбеген баланы тарбиялагандай, бири бирибизди, өлкөбүздү да ошентип сындырып койсок керек! Баланчанын балекет баласын жек көргөндөй, болгон коңшу өлкөлөр желмогуз көрүнөт көзгө! Ар бирибиздин ичибизде гармония жок. Ар бирибиздин жан дүйнөбүз жаңырып турат боштуктан. Сөксөң, сени сөккөн жаңырык...Толтуруш үчүн дин динге, секталарга кирип алган андан көп. Айтор илинчек издейбиз. Чыркырайбыз. Чырмаланган чыр дүйнөдөн чыгыш үчүн.

Саздабыз биз. Сазайыбыз окулуп, санаабыз саман болуп чачылган кез. Буюктук биз, буулуктук. Көнгөн адат, сиңген калып бура бастырбай туру. Төңкөрүш керек! Жаз менен бирге, жер менен бирге ойгонуп! Өлкөгө, саясатка эмес! Жапа чеккен, жалгыз калган, жарды калган, жыртыгы көп жан дүйнөгө!"- дейт Назира Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83