www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Майрамбек Каримов 11-февраль 2019, 17:27

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар боюнча маселелер, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган актуалдуу пландар менен маселелер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин мамлекеттик жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарларына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83