www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абийири таза, карапайым эл уулу Осмонбек Артыкбаев 59 жашта

Кызгалдак Жакыпова 19-февраль 2019, 13:07

Саясат Куттуктоолор


Абийири таза, карапайым эл уулу Осмонбек Артыкбаев 59 жашта

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Артыкбаев бүгун 59 жашка чыгып отурат. Урматтуу, Осмонбек Мамбетжанович, эр жигиттин башына эмнелер гана түшпөйт.

Ооба, 60тын астындагы 59 жашты үй-бүлөңүз, эли журтуңуз менен эмес, белгилүү себептерден улам башка жерде тосуп отурасыз. Бирок, бул тагдырдын сизге берген сыноосу болуп калды. Ак жеринен камакта жаткан адамдардын сиз биринчи жана акыркысы эмессиз. Ар убакта сизге окшоп эл үчүн, мамлекет үчүн жакшы ой, аруу тилектер менен жасалган иштер үчүн азабын тарткан учурлар көп кездешет. Ак жериңизден абакта жатканыңызга күйүп ден-соолугүңузду жоготуп, бир канча жолу операцияларды өткөрдүңүз.

Бирок, алмуздактан бери ак адам акыры акталат. Ошондуктан кыргыз эли ак ийилет, бирок сынбайт деген. Осмонбек Артыкбаев деген ысым кыргыз элинде, интеллигенция өкүлдөрү, сиз чогу эмгектенген кесиптештер арасында абийирдүү чынчыл инсан, ийгиликтүү бизнесмен, мамлекетчил инсан катары белгилүү. Бүгүнкү туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сизге бекем кайрат, ден-соолук каалайбыз. Эл алдында, шайлоочуларыңыз алдында жүзүңүздүн жарык экенин далилдериңизге ишенебиз.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83