www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпонбай Турдалиев: “Какырынып түкүрүү кургак учук оорусун пайда кылат”

Айдар Нуралиев 22-февраль 2019, 16:57

Ден-соолук


Чолпонбай Турдалиев: “Какырынып түкүрүү кургак учук оорусун пайда кылат”

Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учуктун оор түрү катталган 27 өлкөнүн катарына кирет. Бул дарттын көбөйүшүнүн бирден-бир себеби, миграция жана элдин экономикасы. Ал эми экинчи себеби, ден соолукка кайдыгер карап, өздүк гигиенаны сактабагандык. Коомдук жайларда какырынып түкүрүү да аталган оорунун пайда болушуна себеп болот. Кургак учук оорусу туурасында маалымат алуу үчүн №15 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Чолпонбай Турдалиев  менен маектештик.

-- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кургак учук оорусу боюнча абал кандай?

-- Статистикага таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 5500 адам кургак учук оорусу менен катталат. Жылына балдар жана өспүрүмдөр арасында кургак учуктун 900 учуру аныкталат. Ал эми 500 адам аталган дарттан каза табат. Оорулуулардын 75%ы 20-40 жаштагы адамдар. Негизи жер шаарынын калкынын үчтөн бир бөлүгү кургак учук бактерияларын жуктуруп алышат. Бирок, жуктуруп алган иммунитети төмөндөгөн адамдарда 5-10%  гана кургак учук өнүгөт. Өспүрүмдөр жана кары-картаңдар инфекцияга көбүрөөк кабылышат. Кургак учук – бул инфекциялык аба тамчы жолу аркылуу жуга турган олуттуу, жугуштуу оору. Негизинен бүт органдарды, анын ичинен өпкөнү жабыркатат. Ал жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырганда, түкүргөндө  жугат. Андыктан эч ким кургак учук  жуктуруп алуудан корголгон эмес. Кургак учук менен ооруган адам жылына 10-15 адамга жуктурушу мүмкүн. Бул оору Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Анын алгачкы белгилери: эки жумадан ашык жөтөлүү, тамакка болгон табиттин жоголушу, салмактын төмөндөшү, дене табынын көтөрүлүшү, өзгөчө түнкүсүн тердөө, көкүрөктүн оорушу жана кан аралаш какырык чыгаруу (түкүрүү).

-- Аталган ооруну толук айыктырууга болобу?

-- Болот. Бирок, дарыгерге эртерээк кайрылып, дарылоону үзгүлтүксүз жүргүзсө. Дарылануу мөөнөтү медициналык кызматкерлердин кароосунда кеминде 6-8 айга чейин созулат.  Дарыланууну үзгүлтүккө учуратуу кургак учуктун дарыларга туруктуу түрүнүн өнүгүшүнө алып келет. Дарылоо 24-28 айга чейин жүргүзүлөт. Кургак учукту какырыктын микроскопия анализи, рентгенге тартуу менен аныктаса болот. Ал эми балдарда бул ооруну аныктоо үчүн “манту” пробасын коюп, эмдөө зарыл. Адам ден соолукка кайдыгер мамиле кылганда иммунитети түшүп кетет. Ал эми иммундук системасы начар адамга оору дароо эле жугат. Ошондой эле көчөдөгү түкүрүк кургак учуктун булагы катары каралат. Жерге түшкөн түкүрүккө күндүн нуру тийсе жакшы, андагы микробдор өлөт. Бирок, ал көлөкөдө же нымдуу жерде калса, улам кургаган сайын чаң кошулуп, микробдор абага көтөрүлөт. Аба аркылуу соо адамдарга жугат. Аталган ооруга кабылган адамдар күчтүү дары-дармек колдонууга мажбур болушат. Бул убакта тамакты да күчтүүлөп ичүүсү зарыл. Кургак учукка кабылган кош бойлуу аялдын баласы дагы аталган оору менен ооруп калышы ыктымал. Бирок, кургак учук  тукум куубайт.

-- Билишимче, кургак учукка каршы дары-дармектер бекер берилет...

-- Ооба. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде  кургак учукка каршы дарылар бейтаптарга акысыз берилет. Эгер силер өзүңөрдө же тууган-урук, тааныштарыңарда кургак учуктун белгилерин байкасаңар, каттооңор бар-жогуна карабай, тез арада жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылгыла жана какырыкты эки жолку текшерүүдөн акысыз өткөргүлө. Ооруп калбаш үчүн организмдин коргоо күчтөрүн жогорулатуу жана сергек жашоо адаттарын сактоо керек. Мисалы, спорт менен машыгуу, сапаттуу азыктар менен азыктануу. Ошондой эле бөлмөнү күнүгө желдетип, кургатып туруу зарыл. Нымдуу бөлмөдө бул оору бат өрчүйт. Тамеки тартып, алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды колдонуу да ооруга себепчи болот. Өзүн-өзү дарылоо же болбосо  ар кандай эмчилерге барып дарылануу ооруну өрчүтүп жиберет. Ар бир адам өзүн кооптуу оорудан сактоо үчүн  жылына бир жолу милдеттүү түрдө флюорографиялык текшерүүдөн өтүүсү абзел.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83