www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө тартиби натыйжалуу

Перизат Кутманалиева 25-февраль 2019, 11:06

Ден-соолук


Үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө тартиби натыйжалуу

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраеванын бүгүн, 21 – февралда "Парламент" радиосуна маалымдашынча,  үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө тартиби дүйнөлүк деңгээлде натыйжалуу, - деп табылган. Ошондуктан, бул ыкманы жергебизде жолго койгон 20 жылдын аралыгында бир топ жакшы иштер жасалды. 

Айталы, 2015 – жылдан бери Ысык – Көл областында жүргүзүлгөн саламаттык сактоо тармагын автономдоштуруу багытындагы реформалык иштер да эң жакшы эффектисин берди, - дейт адис. Мисалы, аталган областтын Жети – Өгүз, Түп жана Тоң райондорундагы окулист, лор, фтизиатор дарыгерлеринин жетишсиздиги байкалган жок. Анткени, атайын окутуудан өткөн үй – бүлөлүк дарыгерлер айрыкча аскерге чакырылган уландарды медициналык кароодон өткөргөн мезгилде кадр тартыштыгын сездиришкен жок, - дейт Н.Ибраева. 

Ошол эле уктурууга катышкан С.Данияров атындагы медициналык адистерди кайра даярдоо жана билимин жогорулатуу боюнча Кыргыз медициналык институтунун үй-бүлөлүк медицина факультетинин деканы Жаркын Өмүрованын белгилешинче, медицинада күнүгө жаңылыктар болуп жаткандыктан, дарыгерлердин тынымсыз окуп туруусу зарыл. Ошондуктан, дистациондук окутуу ыкмалары да кредиттик сааттар аркылуу өткөрүлүп жатат,  - дейт тармактык институттун өкүлү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83