www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлшайыр Садыбакасова: "Экөөсү тең элдин алдына чыгып кечирим сурашы керек"

Жазгүл Урманбетова 25-февраль 2019, 17:47

Маданият


Гүлшайыр Садыбакасова: "Экөөсү тең элдин алдына чыгып кечирим сурашы керек"

"Кыз бурактын" кыздарынын чыры жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын көңүл жаздымында калган жок. Бул тууралуу Садыбакасова өзүнүн инстагрмадагы жеке баракчасына:

"Кыздарыма, балдарыма ыйман, ынсап, сабыр бер! Адашкандардын акыл-эсин кайтарып, тообосун жандыра көр!", -деп пост жазып чыкты. Постко коомчулук ар кыл пикирлерин жазып калтырышууда. "Мен азыр эки кызыма да нааразы болуп турам. Мен ортодо калдым. Экөөсү тең элдин алдына чыгып кечирим сурашы керек. Мага болду жетишет, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, баарын акылга салып буюрса жакшы жагына чечилет деп турабыз, деп билдирди "Кыз бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова жергиликтүү сайттарга. - Айжамал автоматтык түрдө айтып алдым деп жатат, Кенже 45 жаштагы аял сабыр сакташы керек болчу", -деп Гүлшайыр Садыбакасова коомдогу бири-бирине тукурган адамдарга сөз көтөрө албаган кыздарына нааразычылыгын билдирди.

Эске салсак, Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып алар интернет аркылуу бири-бирине каршы постторду жазып чыккан эле. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83