www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэрия: 3 вице-мэр, бир аким жана айрым шаардык кызматтардын башчылары кызматынан алынып...

Жазгүл Урманбетова 27-февраль 2019, 13:42

Саясат


Мэрия: 3 вице-мэр, бир аким жана айрым шаардык кызматтардын башчылары кызматынан алынып...

Бишкек мэриясынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Тактап айтканда, 3 вице-мэр, бир аким жана айрым шаардык кызматтардын башчылары кызматынан алынып, ордуна жаңы жетекчилер келди. Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бул кадрдык жүрүштөрдү шаар мэринин иштин натыйжалуулугун арттырып, жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу аракети катары мүнөздөдү. 

Бишкек мэриясынын шаар курулуш иштерин караган вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев ордун бошотуп, шаардык суу чарба кызматын жетектөөгө кетти. Анын ордуна мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиев вице-мэрликке дайындалды. Социалдык тармакты караган вице-мэр Асел Куламбаева кызматынан алынып, ордуна Октябрь районунун акиминин орун басары Татьяна Кузнецова келди. Транспорт тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэр Максим Ситников Октябрь районунун акимдигине которулуп, анын ордун мэриянын жер ресурстар башкармалыгын жетектеп келген Азизбек Алымкулов ээлесе, коомдук-мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев кызматынан алынып, анын ордуна Октябрь районунун мурдагы акими Ренат Айтымбетов дайындалды. Төртүнчү вице-мэр Рыспек Сарпашев өз ордунда эле калды.

Эми жаңы дайындалган кызмат ээлеринен мэр жаңы багыттагы кадамдарды күтөт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83