www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт "плагиат" менен алектенеби?

Жазгүл Урманбетова 27-февраль 2019, 16:12

Саясат


Өкмөт "плагиат" менен алектенеби?

Жакында эле "Бузуулар тууралуу" мыйзам Өкмөт тарабынан демилгеленип, күчүнө киргендигин ким гана билбейт. Аталган токтом боюнча Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу колу коюлуп, өкмөт тарабынан бекитилип, аткарууга берилген. Бирок бул элди ызы-чуу кылган мыйзамдарды өкмөт өзү жазбай, көчүрүп алганы фактылар менен тактайлы. Себеби, бул чийки мыйзамдарды элге “тартуу” кылган өкмөт өзүнүн аппараты менен Белоруссиянын 2008- жылкы кабыл алынган токтомун которуп да койбой, башка мамлекеттин мыйзамын алганында Кыргызстан деген атка алмаштырбай бергени азыр да өкмөттүн расмий сайтында илинип турат.

Каалаган кишилер шилтемени ачып окуп, анан “Постановление Правительства КР от 21 декабря 2018 года № 603” деген аталыштын алдында жарыяланган токтомдун ичиндеги “Положение о порядке ведения” дегенди бассаңыз баарына өзүңүз күбө болосуз. Өкмөт менен эл өкүлдөрү деңгээлинин төмөндүгү мыйзам, кодекс иштеп чыкканга дараметсиз, сабатсыз экенин дагы бир жолу белгиледи. Мындай эл аралык деңгээлдеги саясий плагиат менен алек болгондор кыргыз үчүн жаны кейип, элдин эртени менен иши болбогонунун белгиси.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83