www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көк бөрү федерациясынын жаңы президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланды

Жазгүл Урманбетова 27-февраль 2019, 17:52

Саясат


Көк бөрү федерациясынын жаңы президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланды

Бүгүн, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы болуп өттү. Федерациянын делегаттары катышкан курултайда президент Жыргалбек Саматов жыл ичинде федерациянын аткарган иштери боюнча отчёт берди.

Курултайдын жүрүшүндө Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйыны тууралуу кеп козголуп, "ага катышып кыргыз көк бөрүсүнүн намысын коргогон жок" деген жүйө менен көпчүлүк делегаттардын добушу аркылуу Жыргалбек Саматов ээлеген кызматынан бошотулду.

Жаңы президенттик орунга Көк бөрү боюнча кыргыз курамасынын мурдагы жетекчиси Талас Бегалиевдин талапкерлиги сунушталып, бирок ал федерацияны жетектөөдөн баш тартты.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Көк бөрү федерациясынын жаңы президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланды.

Булак: NazarNews.kg
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83