www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүргүнчү: "Эмне эле өзүнчө идеальныйсыңбы?"

Жазгүл Урманбетова 01-март 2019, 15:23

Коом


 Жүргүнчү: "Эмне эле өзүнчө идеальныйсыңбы?"

Коомдук транспортто элдер ар дайым эле бири-бири менен уруша бербейт. Бирок, дал ушул жайда көп учурда адамдардын көйгөйлөрүн аргасыздан угасың. Ал эми бул жолу Бишкекте №175-маршрутканын айдоочусун жүргүнчү кыз уят сөздөр менен сөккөндүгү интернет желесинде абадай тарап, эл эки жаат болуп комментарийлерин калтырып жатышат. Бул тууралуу видео интернет тармагына жарыяланды. Аталган коомдук транспорттун айдоочусу, жол эрежесин бузуудан баш тартып, жүргүнчү каалаган жерге токтобой, аялдамага барып токтогон. Буга ачуусу келген кыз,”Эмне биз Германиядабызбы? Эмне эле өзүнчө идеальныйсыңбы?”, - деп уят сөздөр менен сөккөн. 

Дегеле кыргызга эч нерсе жакпайт. Жаңы киргизилген долбоордун алкагында азыр канча деген бузуулар болбой калды дешет адистер. Бул айдоочуларга да жөө жүргөн жүргүнчүлөргө дагы шарттар түзүлдү. Болгону мыйзамды жана эрежелерди гана сактоо керек.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 12-февралдан тартып борбордогу көчөлөргө видеокөзөмөл коюлган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83