www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдоочулар айып пулду 4-марттан тартып төлөй баштайт

Жазгүл Урманбетова 01-март 2019, 16:36

Коом


Айдоочулар айып пулду 4-марттан тартып төлөй баштайт

Жаңы киргизилген "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан эреже бузуулардын айып пулу 4 мартка чейин узартылды. Бул маалыматты ИИМдин ГУОБДДнын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Иманалы Саркулов атайын пресс-конференция уюштуруп жатып айтты.

Анын айтуусунда ушул убакытка чейин жалпы жол эрежесин бузуулардын саны 17 миңди чапчыды. 
- Ушул жылдын 4 мартынан тартып «КРдагы жол эрежелери» жана Бузуулар боюнча Кодекс күчүнө кирет, - деди Саркулов. - Өзгөрүүлөргө жараша эгер айдоочу айып пулду  15 күндүн ичинде төлөсө, ал айып пулдун 50 пайызын гана төлөөгө укугу бар. 

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 12-февралында иштеп баштаган.
 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83