www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баштыгынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду

Жазгүл Урманбетова 01-март 2019, 18:01

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


 Баштыгынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы метродо 39 жаштагы жарандын баштыгынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-февраль күнү болжол менен саат 7:20 чамаларында Grand Central Terminal бекетинде орун алган.

Алгач полиция жабыркаган жарандын киийими поездге илинип калып сүйрөп кеткен деп божомолдошкон, бирок видеокөзөмөл аркылуу караганда анын баштыгынын илгичи илинип калганы аныкталган.

"Поезддин артында бир топко чейин сүйрөлүп калган жарандын жансыз денеси №7 линиядагы тоннелден табылган. Анын денесинде көптөгөн оор жаракаттар болгон".

Булак: NazarNews.kg
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83