www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалгыздык адамды тез карытат

Перизат Кутманалиева 02-март 2019, 11:58

Ден-соолук


Жалгыздык адамды тез карытат

Жалгыздык сезимин ар бир айым башынан өткөрөт. Кээ бири чындап эле жалгыз калса, кай бирлери үй-бүлө, достору менен бирге болгон учурда дагы жалгыздык сезими менен жашап келишет. Бул сезим бир жылдан ашык созулган учурда ден соолукка терс таасирин берери изилденген.

Жалгыздыктын түрлөрү

Ар бир адамдын башына келген жалгыздык сезими анын бактылуу болушуна тоскоол болуп келет.Бул сезимдин эки түрү болот жана буга коомдун аярлуу бөлүгү көп кабылат.

Тышкы жалгыздык

Үй-бүлөсү, достору жок же чет өлкөгө барып көнө албаган, колдоосуз калган адамдар.

Ички жалгыздык

Үй-бүлөсү бар, тааныштары көп. Бирок ошого карабай өзүн колдоочусуз сезүү, өзүнүн ички дүйнөсү менен жалгыз калуу. Жалгыздыктын кайсы түрү болбосун, бирдей негативдүү сезим берет. Бул терс сезим адамдын өзүн-өзү баалоосун төмөндөтүп, максаттарга жетүүгө умтулуусун жок кылат. Ошол менен бирге нерв системаларына, мээге, жүрөк булчуңдарына доо кетирип, ден соолугун начарлатат.

Жалгыздыктын ден-соолукка тийгизген таасирлери

Жүрөк оорулары

Узак убакытка жалгыздык сезимине туш болгон айымдарда гипертония, жогорку холестерол жана семирип кетүү коркунучу жогору болот. Жалгыз жашаган аялдарда жүрөк-кан тамыр оорулары көбүрөөк кездешери байкалган.

Иммундук система

Жалгыздык жана “менин эч кимге керегим жок”деген сезим стресс сыяктуу иммундук системага терс таасирин берген гормондорду бөлүп чыгарат. Иммундук системанын алсыз болушунан улам бул айымдар тез-тез ооруга дуушар болушат. Жалгыз адамдар эрте карып каза болушарын америкалык психологдор жазып чыгышкан. Муну жалгыздык сезиминин иммундук системага терс өзгөрүүлөрдү алып келгендиги менен байланыштырышкан.

Артериалдык кан басымы

3-4 жылдан ашык жалгыз жашоо образын жүргүзгөн айымдардын кан басымы жогору болот. Стрессти пайда кылган кортизол гормону кан басымынын жогорулашына алып келип, жүрөк пристубу жана талма оору коркунучтарын эки эсе көтөрөт.

Эс-тутум

Жалгыздык эс-тутум менен маселелерди чечүү жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизет. Бул сезим узакка созулган мезгилде адамда өз оюн түшүндүрө албоо, унутчаактык сапаттары күчөйт.

Акыл-эс

Жалгыздыкта жашаган айымдар кыялкеч болушат. Чыныгы жашоодо кыла албаган иштерин кыялы менен бүтүрүшөт. Убакыттын өтүшү менен чыныгы жашоо менен кыялында бүтүргөн иштерин алмаштырып башташат.

Депрессия

Эч ким менен сүйлөшкүсү келбей жалгыздыкты сүйөм деген айымдар депрессияга тез кабылышат.Бул сезимден арылуу үчүн зыяндуу адаттарды кыла баштайт.Алсак, тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү, наркотикалык заттарды колдонуу ж.б.

Психика

Жалгыздык сезимине кабылган айымдардын мүнөзү тез өзгөрүлөт. Башкалардын оюн туура көрбөй “бир гана меники туура” деген пикирде болуп, башкаларга болгон кыжырдануу, жек көрүү сезимдери өөрчүйт.Бул жалгыздык сезимине терең киргизип, чөйрөдөн алыстатат.

Социофобия

Узак убакыт жалгыздык сезими менен жашап, жалгыз калган адам тунт боло түшөт.Башкалар менен сүйлөшкөндө оюн толук билдире албайт. Ошондон улам адамдар менен баарлашуудан качат.

Ашыкча салмак

Жалгыздык сезими менен жашагандарда кыймыл-аракет аз болуп, виртуалдык жашоо же кыялдануу ойлор менен жашап калышат. Алар өзүн алаксытуу, сооротуу максатында ар дайым бир нерсе жеп турууну каалашат. Ошондон улам ашыкча салмак кошуу коркунучу жогору болот.

Уйку

Терс ойлордун негизинде уйку бузулат. Күндүзү алсыздык, түнкүсүн уйкунун жоктугу адамды кыйнайт. Бул өз кезегинде организмдин туура эмес иштешине алып келет жана оорулардын пайда болуп өөрчүшүнө шарт түзөт.

Жалгыздык сезиминен кантип арылабыз?

Психологдордун айтымында, адамдар биротоло жалгыз калбайт.Анткени тууган-урук, кошуна, дос, классташ жөн гана тааныштар болот.Бирок адамдын “менин эч кимге керегим жок” деген ою аны жалгыз калтырат деп билдиришет.Ошондуктан бул сезимден арылуу үчүн алгач өз оюн, көз карашын өзгөртүү керек.

Жалгыздыкты сезип жатсаңыз, маанайды түшүрүп кейиштүү тасмаларды көрүп жатып алуунун кереги жок. Тескерисинче, маанайды көтөргөн тасмаларды көрүп, үндү чыгарып ырдап, шаңдуу музыкага бийлеңиз. Бул ыкма менен көңүл көтөрүүчү эндорфин гормондору бөлүнөт жана жашоого дем, шыктануу берет.

Өзүңүздү катпаңыз, тескерисинче коомго алып чыгып баарлашууну үйрөнүңүз.Сизге эч ким көңүл бурбай жаткандай сезип жатсаңыз, тышкы келбетиңизди өзгөртүңүз. Чачтын түсүн, кийинүү стилиңизди, сүйлөө манераңызды алмаштырыңыз.

Жашоо кино, сиз андагы башкы ролду ойногон жакшы каармансыз деп эсептеңиз. Кинодогу жакшы каармандар жылмайып, ал эми терс каармандар жинденип жүрүшөт эмеспи. Андыктан сиз эмне иш кылбаңыз, жылмайып жүрүүгө басым жасаңыз. Жылмаюу башкаларды өзүнө тартат.

Бала чагындагы же жаш кезиндеги эскерүүлөр айымдарды жалгыздык сезими менен жашоого түртөт. Андыктан үйдөгү өткөн чакты эскерткен эски буюмдарды таштап, учур чак менен жашаңыз. Жаңы жашоого, жаңы буюмдарга орун бериңиз.

Адамдын жашоосунда баарлашуу эң маанилүү. Андыктан достор чөйрөсүн кеңейтиңиз, жаңы адамдар менен таанышып өзүңүздү коомдон бөлбөңүз. Бул учурда сизге жаңы жумушка орношуу, ийримдерге же курстарга жазылуу дагы оң натыйжасын берет.

Үй жаныбарларын багып, өсүмдүктөрдү өстүрүңүз. Башкаларга кам көрүү сиздин жоопкерчилигиңизди пайда кылат.

Жер кыдырыңыз. Мурда-кийин барбаган жерлерге барып, өзүңүзгө ачылыштарды жасаңыз. Жаңы жерлерди көрүү менен жаңы маалыматтарды аласыз, ой-жүгүртүүңүздү кеңейтесиз.

Позитивдүү ойлонуп, позитивдүү жүргөн адамдарга жакын болуңуз.

Адамдык сапаттарды өнүктүргөн, мотивация берген китептерди окуп, даректүү тасмаларды көрүңүз.

Булак: "Леди кж"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83