www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жан сакчысын алмаштырган Жээнбеков Сооронбай

Жазгүл Урманбетова 02-март 2019, 17:12

Саясат


Жан сакчысын алмаштырган Жээнбеков Сооронбай

Жан сакчы (Телохранитель) абдан көп талаптарга ээ болуусу керек. Саясатчылардын, алардын ичинде өлкөнүн биринчи адамын ар дайым коргоп жүрүү деле ар кимдин колунан келе бербесе керек.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси Токтосун Сабыров өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Президенттин башка буйругу менен Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги болуп дайындалды.

Белгилесек, УКМКнын 9-кызматы мамлекеттеги биринчи адамдарды кайтарат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83