www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо боюнча жарлыкка кол койду

Жазгүл Урманбетова 02-март 2019, 18:24

Саясат


Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо боюнча жарлыкка кол койду

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбековго Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна жана Бишкек шаардык сотуна бирден талапкерди, Жалал-Абад облустук сотуна — 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2019-жылдын 22-февралында мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү.

Кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент жергиликтүү сотторго 10 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83