www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жогорку Кеңеште кылмыш иши бар 10 депутат мандатын тапшырбай отурат”

Жазгүл Урманбетова 02-март 2019, 18:45

Саясат


“Жогорку Кеңеште кылмыш иши бар 10 депутат мандатын тапшырбай отурат”

“Жогорку Кеңеште кылмыш иши бар 10 депутат мандатын тапшырбай отурат” деп маалымат жыйында Топчубек Тургуналиев жарыя кылган. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраевге кайрылды. Самат Ибраев: “Топчуке кылмыш иши козголгон депутаттардын аты жөнүн, деги эле толук маалыматты кайдан алганын билбейм. Бизде кайсы бир депутаттардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал иш кайра жабылган учурлар болуп жүрөт. Мыйзам боюнча депутаттарга козголгон кылмыш иши тууралуу аларга юридикалык баа берилмейин эч нерсе дей албайбыз. Ал эми билим жагына келсек, бизде кайсы депутат кандай билим алганы, канча билими бар, кайда жерден окуганы тууралуу маалыматтар бар. Мындай маалымат Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде эле өздүк делосу менен келип түшөт. Бирок, мен силерге депутаттын өзүнүн жеке уруксааты жок алардын билим деңгээли тууралуу маалымат бере албайм”, - деп факт.кж сайтына жооп берген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83