www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медицина тарыхында ВИЧ-инфекциялуу экинчи адам бул оорудан айыгышы мүмкүн

Кызгалдак Жакыпова 05-март 2019, 17:22

Ден-соолук


Медицина тарыхында ВИЧ-инфекциялуу экинчи адам бул оорудан айыгышы мүмкүн

Лондондун ВИЧ менен ооруган тургуну дүйнөлүк медицина тарыхында СПИДден айыккан экинчи адам болуп калышы мүмкүн.

«Nature» журналына жарыяланган иликтөөнүн жыйынтыктарына ылайык, бир нече жыл мурда СПИД менен ооруган жарандын денесине иммундук жетишсиздик вирусуна туруштук бере турган иммунитети бар адамдын клеткасы жайгаштырылган. Акыркы текшерүүнүн жыйынтыгында анын организминде вирус табылган эмес.

Эгер кийинки текшерүүлөрдө дагы анын организминде инфекция табылбаса, анда СПИДди айыктыруучу дары иштеп чыгууга болгон үмүттөр акталат.

Адамды ВИЧ-инфекциядан айыктыруу боюнча алгачкы ийгиликтүү тажрыйба 12 жыл мурун жүлүндү трансплантациялоонун натыйжасында ишке ашкан. Бирок андан кийин бул экспериментти кайра кайталоого мүмкүн болгон эмес, анткени бул бейтап үчүн өтө оор болгон.

Утрехт университетинин окумуштуусу Аннамари Венсинг «New York Times» гезитине берген интервьюсунда СПИДди масштабдуу айыктыруу реалдуу эмес экенин айтып, бирок бул ийгилик окумуштууларга чоң үмүт бере турганын белгилеген. «Лондондук бейтап» аталган гезитке жазган электрондук катында алгач өзүнүн ВИЧ илдеттен айыгарына ишенбегенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83