www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мо-цзы: Акылсыздар сый-урматка бөлөнүп, жакшылар жазага тартылчу адилетсиздик орногон жерде – даанышмандын гана эмес, боору таш адамдын...

Кызгалдак Жакыпова 05-март 2019, 17:52

Адабият


Мо-цзы: Акылсыздар сый-урматка бөлөнүп, жакшылар жазага тартылчу адилетсиздик орногон жерде – даанышмандын гана эмес, боору таш адамдын...

Жакшы жаа оңой керилбейт, бирок анын жебеси бийик учуп, терең сайылат. Жакшы тулпарга араба чегиш кыйын, бирок ал оор жүгүңдү алыскы жолго жеткирет. Арийне кашкөй талант да таамай баасын алышы кыйын, аны эң мурда даанышман таанып, таланттын кадырын падышага чейин жеткирет.

♦ ♦ ♦

Азиз адамга «акак таш» же «таш көмүр» дегенди айттырсаң айтат, бирок бул экөөнүн түсү кандай экенин сурасаң айырмасын ажыра албайт. Анткени ал акак таш ак, таш көмүр кара болорун өмүрүндө көргөн эмес.

♦ ♦ ♦

Эптеп кайырмакка түшүрүш үчүн ордунан былк этпеген адам балыктарга зыяны жок көрүнгөндөй эле, чычканды колго түшүрүү үчүн ууланган быштак коркунучтуу экени билинбейт.

♦ ♦ ♦

Оозуңан чыккан сөзгө жооп берчү күн бар. Колуң менен кылганды мойнуң менен тартып калуу – турган иш. Андыктан сен кимге таттуу жемиш берсең, ал да сага жемиштин андан да ширин даамдуусун кайтарат.

♦ ♦ ♦

Акылсыздар сый-урматка бөлөнүп, жакшылар жазага тартылчу адилетсиздик орногон жерде – даанышмандын гана эмес, боору таш адамдын да жаалы кайнайт.

♦ ♦ ♦

Эрки бош адам акылмандык чекке жетпейт.

♦ ♦ ♦

Алма быш, оозума түш дегенден ырыскы таппайсың, ырыскынын баары өз колуң менен жаралат.

♦ ♦ ♦

Кыйынчылык менен жокчулукту жеңе билген адам көздөгөн мүдөөсүнө жетээр жөндөмгө ээ болуп чыгат.

♦ ♦ ♦

Өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет.

♦ ♦ ♦

Сөз айтардан мурда ошол айтканыңа жооп бергендей, а иш кыларда артыңа кылчактабагандай бол.

♦ ♦ ♦

Эгер жарык дүйнөдөгү болгон жумуртканы жыйып келип жалгыз таштын ташталканын чыгарам десең да ага эч бир жумуртка түтпөйт. Акылмандын нуска кебин жокко чыгарам дегендин өзү да дал ошондой кеп.

♦ ♦ ♦

Ишти ордунан жылдырыш үчүн акылман башкаларды күтүп отурбайт, ишти өзү баштайт.

Которгон Олжобай ШАКИР


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83