www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда бир нече жолу соттолгон адам автоунааны уурдап кетип, сатып жиберген

Перизат Кутманалиева 21-март 2019, 14:44

Коом


Мурда бир нече жолу соттолгон адам автоунааны уурдап кетип, сатып жиберген

2019-жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге шаардык кичирайондордун биринин жашоочусу 2003-жылы чыккан “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны айдап качуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган. 

Кылмышкерлер үйдүн жанында турган автоунааны түнкү маалда укукка жат түрдө ээлеп алышкан. Ленин РИИБи тарабынан автоунааны айдап качуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган. Багыттамалар бардык нөөмөт бөлүктөрүнө жана кызматтарга жөнөтүлгөн.

Аталган кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. ИИМдин КМКнын кызматкерлери комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, мурда зордуктоо жана баңгизаттар боюнча эки жолу соттолгон Нарын облусунун жашоочусун кылмыш ишине тиешеси бардыгын аныкташкан.

2019-жылдын январь айынын аягында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер шаар тургунун 2006-жылы чыккан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунааны табышкан. Авто унааны текшерүү жана ага кароо жүргүзүү учурунда кузовдун тиешелүү номурлары техпаспортто көрсөтүлгөн номур менен дал келген эмес. Кылмыш иши боюнча жабырлануучу каттары жүргөн авто унаанын мыйзамдуу ээси өзүнүн автоунаасын тааныган. Авто унаа болсо ИИМдин ЖКККББнын айып пул салуучу жайына токтотулган.

Суракка алуу учурунда автоунаанын жаңы ээси жогоруда көрсөтүлгөн авто унааны авто салондо авто унааларды сатуу менен алек болгон таанышынан 4,500 АКШ долларына сатып алгандыгын билдирген.

Ошондой эле, автоунаанын документтери жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген  башка айдоочуга таандык экендиги жана ал транспорт каражатын каттоо жөнүндөгү күбөлүгү кайда экендиги, качан жоготкондугу тууралуу билбегендиги аныкталган. Уурдалган автоунаанын номуру дагы жасалма болуп чыккан. Ал эми жаңы ээси автоунааны сатып алууда текшерип алууга дагы көңүл бурган эмес. Автоунааны укукка жат турдө ээлеп алган адамдын өздүгүн тактап, кармоого эки ай кеткен.

16-март күнү ИИМдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары шаарда жашаган 1989-жылы туулган Р.А. аттуу эки жолу соттолгон адам кармалган. Мурда, ал “Хонда-Фит” автоунаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып алектенген айдоочунун транспорт каражатынын катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүгүн уурдап алып, ошого окшош автоунааны издеп баштаган. 11-январь түнү уурдалган “Хонда Фит” автоунаасын автосалонго алып барып, көп ойлонбостон эле кийин сатуу үчүн күрөөканага тапшырып салган.

Кылмыш иши ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Ленин РИИБдин тергөөчүлөрүнүн натыйжалуу ишинин негизинде гана ачылды. Уурдалган автоунаа кыска убакыттын ичинде ортомчулардын жана сатып алуучулардын жардамы менен жасалма документ жасап сатып жиберген. Ал эми автоунаанын жаңы ээси автоунаанын уурдалгандыгы жөнүндө эч нерсе билбей, аны каттоодон өткөрүүгө шашкан эмес. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөолөр жүрүп 
жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83