www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Француз пианисти Ричард Клайдермандын өмүр тарыхы

Кызгалдак Жакыпова 21-март 2019, 17:50

Адабият Видеолор Маданият


Француз пианисти Ричард Клайдермандын өмүр тарыхы

Француз пианисти Ричард Клайдермандын өмүр тарыхы 1953-жылы 28-декабрда башталган. Анын биринчи музыкалык билим алган адамы атасы болгон. Ден соолугунун начарлыгынан улам жеке музыка сабактарды өз алдынча алууга аргасыз болгон. Ар дайым ал атасына келген окуучулардын жанында болуп, роялдын сыйкырдуу дабышын эшитүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Ал өткөн күндөрдү «төрөлгөнүмөн баштап, мени музыка курчап алды. Биринчи ирет 3-4 жашымда сынкырдуу роялга кол тийгиздим» деп балалыгын эскерет.

Ричард алты жашка толгондо чоң атасы ага эски пианино сатып берет. Ал пианино Ричарддын түбөлүктүү тагдырына айланат. Ричард 12 жашында Париж консерваториясынын студенти болот.

Төрт жылдан соң жаш пианисттердин конкурсуна катышат. Пианисттин жашоосундагы кескин өзгөрүүсү 1976-жылы болду. Ошол жылы «Delfine» үн жазуучу компаниясынын продюсери Поль де Сенневиль анын кызына жазган «Аделина үчүн баллада» чыгармасын аткартууга таланттуу пианист издешет. Алар Ричардд Клайдермандын талантына таң беришип, ага токтолушат.

Аталган чыгарма Ричардга болуп көрбөгөндөй атак алып келип, дүйнөнүн 30 өлкөсүнө 22 миллион нускада тараган. Ричард дүйнө жүзүне тараган «Романтикалуу Америка», «Азыраак түнкү музыка», «Зодиактар симфониясы» ж.б керемет чыгармалары менен миллиондогон күйөрмандарды топтогон.

Булак: “АЗИЯnews”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83