www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК ККК: Айыл өкмөт башчысы пара алып жаткан учурунда кармалды

Перизат Кутманалиева 22-март 2019, 11:28

Саясат


УКМК ККК: Айыл өкмөт башчысы пара алып жаткан учурунда кармалды

2019-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан жер мыйзамдары чөйрөсүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын алдын алуунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-ж.т. С.Д. 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда  кармалды.

Такталгандай 2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20га жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. Ж.К.аталган жер участокко зарыл болгон документтерди процессин даярдар берүү үчүн 5 миң. АКШ долларын талап кылгын.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83