www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун ачылышы болду

Кызгалдак Жакыпова 22-март 2019, 12:05

Адабият


Ош шаарында “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун ачылышы болду

2019-жылдын 20-март күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратында «Бирдиктүү терезе» принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөзкызматы билдирди.

Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Мурат Бороновдор катышышты.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Бекжан Курманалиев Бирдиктүү терезенин ишмердүүлүгү, максаты жана кандай кызматтарды көрсөтө тургандыгы жөнүндө айтып берди. Бул «Бирдиктүү терезе», Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасынын талаптарын, андан сырткары ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча программаларды ишке ашыруу максатында ачылган. Бул борбор жарандарга сапаттуу кызмат берүүнүн деңгээлин жогору көтөрүү максатында өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында ачылды. “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен тактамаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Ошондой эле, система мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот.
“Бирдиктүү терезе” принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочуларына төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтөт: адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды; кооптуу жүкташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын; жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабылалууга жана берүүгө лицензияларды жанауруксат кагаздарын берүү кызматтары.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин «Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Ош ОИИБдин имаратында жайгашкан.

“Бүгүнкү күндө “Бирдиктүү терезе” Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагын тейлеген Чүй ОИИББнын имаратында 2018-жылдын 27-октябрында ишке кирсе, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ушул жылдын 20-мартынан баштап ишке кирип, алардын  бардыгы облустук милициянын имараттарында жайгашкан. Ошондой эле “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштей турган система  Талас, Ысык- Көл жана Нарын облусттарында ачуу боюнча иштери жүрүп, аны ачуу камылгалары  кызуу жүрүп жаткан кези.

Мурда  Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары боюнча ар андай багыттагы аныктамаларды, уруксаат кагаздарын  алууда жарандардан милициянын дарегине көптөгөн нааразычылыктар болсо, мындай борборлордун ачылышы  менен бул көйгөйлөр  чечилди. Төлөм акысы борбордо жайгашкан  терминалдарында жүргүзүлөт.  Ар бир кызматтын төлөм акысы документтердин алуу убактыларына жараша болот.

Мындай “Бирдиктүү терезе” борборлорунун Республика боюнча ачылышы  Кыргызстандын бардык жарандарына тез жана сапаттуу кызмат берүүнү деңгээлин жогору көтөрүү максатында  өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында ачылууда. “Бирдиктүү терезе” принциби жакын арада жалпы өлкөбүздүн аймагында толук киргизилет, мына ошондо бардык жарандар керектүү зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт, убактыларын коротпойт, системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөттөрү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот жана жарандарды сапаттык тейлөөдө, элибиз күткөн үмүттөр ишке ашат, деп баса белгиледи”, - ички иштер министри Кашкар Джунушалиев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83