www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мээрбек Мискенбаев коомдо кландык башкарууну жүргүзүп, өз билгенин жасап келгенби?

Перизат Кутманалиева 23-март 2019, 11:24

Саясат


Мээрбек Мискенбаев коомдо кландык башкарууну жүргүзүп, өз билгенин жасап келгенби?

Өз башындагы төөнү көрбөй...

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген чын окшобойбу. “Айкөл АлаТоо” коомдук уюмунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Мискенбаев болсо сүттөн ак экенин айтып, актанып, карганганын токтотпой келет. Аталган коомдун мүчөсү, Мискенбаевдин үстүнөн 2016-жылы эле укук коргоо органдарына кайрылып, анын ууру экенин айтып келаткан Марийпа Алыкулова өз чындыгын айтууда.

Анын айтымында, 2011-жылы коом “Кыргызкөмүр” ишканасы менен келишим түзүп, ага ылайык, ишкана кирешесинин 1%ын кайрымдуулук иретинде коомдун эсебине которуп туруу сүйлөшүлгөн. Ишкана келишимди аткарып, коомго 2,1 млн. сом которуп берген. Бирок Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиев коомдун мүчөлөрүнө 1 сом да беришпей, акчаны өздөрү өөнөп алышкан. Мындан сырткары, Марийпа Алыкулова Мискенбаев менен Жамгырчиев коомдун ичинде кландык башкарууну жүргүзүп келишкенин айтты. “Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасына орто звенодогу жетекчи кызматтарга жумушка алууну караган конкурстук комиссиянын мүчөсү болчу.

2015-жылдын 4-ноябрынан бери А.Жамгырчиев да аталган комиссиянын мүчөсү. 2014-жылдын августунда бизге көмүр берген “Транс Азия уголь компани” ЖЧКнын курамынан Дастан Арзыбеков, Анарбек кызы Аида, Калбүбү Калдарбекова жана Бегимай Ыбышева чыгарылып, алардын ордуларына Нурбай Мыктыбеков, Султан Дүйшебаев, Урмат Байсубанов жана Темир Жыргалбеков дегендер киргизилген. Кептин баары ушул жерде жатат. Анарбек кызы Аида Мискенбаевдин жакын досу болсо, Нурбай Мыктыбеков Амантур Жамгырчиевдин бир тууганы”,- дейт М.Алыкулова.

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83