www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Атамбаев жети жылда кландык башкарууну туу чокусуна жеткирген”

Перизат Кутманалиева 23-март 2019, 11:42

Саясат


Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Атамбаев жети жылда кландык башкарууну туу чокусуна жеткирген”

А. Шыкмаматов: Анын убагында 20га жакын адам саясий себеп менен кесилип кеткен.

-Экс-президент А. Атамбаевдин 17-мартта Форумдун алдында Аксы окуясына арналган эскерүү ишчарасында сүйлөгөн сөздөрүнө кимдер кандай пикирлерин айтышты?

- Атамбаевдин бул айткандары азыркы бийликке оппозиция эмес, ич күйдүлүк, кек, өч алуу, жеке ызаа деңгээлиндеги гана сөздөр. Атамбаевдин эң биринчи максаты азыркы президенттен бардык ыкманы колдонуп өч алуу: элди бөлүпжаруу, баш аламандыктарды уюштуруп, ар кандай провокацияларга баруу. Аны ачык эле кыйыр түрүндө айтты. Мисалы, “милициялар президентти колдоп, өз элин атпайт, бул президентти алып келгеним үчүн кечирип койгула, мен ал катамды оңдойм”- деген сөздөрү.

Атамбаевдин мезгилинде коррупция туу чокусуна чыккан. ЖЭБ, музей, ипподром, шаардын четиндеги жер участкалары менен болгон махинациялар, булардын баарын Атамбаевдин айланасындагы адамдар жасаган. Алар азыр абакта отурат. Саясий куугунтук боюнча да Атамбаев алдына эч кимди чыгарган эмес. Анын убагында 20га жакын адам саясий себеп менен кесилип кеткен.

Алар кылмыш кылганы үчүн эмес, Алмазды сындаганы, кайчы пикир айтканы, айланасындагылардын уурулугу боюнча, кадр саясатындагы ашмалтайы, айдоочусун алып келип мамлекетти башкартканы жана билим жок адамдарды генерал кылгандыгы үчүн сын айткандарга жасалма иштерди ачып, каматкан.

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83