www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык миллиардерлер аныкталды

Перизат Кутманалиева 25-март 2019, 10:25

Дүйнө жүзүндө


Россиялык миллиардерлер аныкталды

Forbes журналы Россияда 2018-жылы актив жана дивиденддерин сатуу менен 11 миллиард доллардан ашык киреше көргөн байлардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу маалыматты sputnik.kg маалымат агенттиги билдирди.

Биринчи орунга ишкер Сергей Галицкий чыкты. Ал чекене соода менен алектенген "Магнит" ишканасынын 29 пайыз акциясын сатып 2,44 миллиард доллар пайда көргөн.

Андан кийинки сапта саясатчы Михаил Прохоров турат. Миллиардер Brooklyn Nets баскетбол клубундагы 49 пайыздык үлүшүн сатып, 1,77 миллиард доллар киреше тапты. Үчилтикти Владимир Лисин жыйынтыктады. Анын Новолипецкий металл комбинатынын дивиденттеринен түшкөн кирешеси 1,59 миллиард долларга жеткен.

Төртүнчү жана бешинчи орундарга "Северсталь" жетекчиси Алексей Мордашов (1,46 миллиард доллар) менен өзбек тектүү белгилүү ишкер Алишер Усманов (1,12 миллиард доллар) илинди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83