www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: Жатаканадагы “лунатик” жигит

Кызгалдак Жакыпова 25-март 2019, 15:10

Адабият


БОЛГОН ОКУЯ: Жатаканадагы “лунатик” жигит

Мен булокуяны укканда "армияда "лунатик" менен ооруган жигит тууралуу жазыпсыңар. Аны окуп жатып менин дал ошого окшош бир окуя эсиме түшүп силерге жазгым келди. Окуя тээ илгери болгон, союз мезгилинде.

Мен ал жылы мектепти бүтүп келип борбордогу жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып окуп калдым. Шаарда туугандарым жок болгондуктан жатаканада жашоого туура келип калды. Ал мезгилде дээрлик көпчүлүгүбүз жатаканаларда жашачу эмес белек. Биз биринчи курска жаңы тапшырган төрт бала бир бөлмөдө туруп калдык. Бардыгыбыз тең айылдан келгендиктен шаардын, өзгөчө жатакананын жашоосуна көнө элек кезибиз болчу. Бири-бирибизге жатыгыша элекпиз. Сыртыбыздан жакшы мамиледе болсок да, ичибиздеги сырларыбызды айтыша элек кезибиз.

Жатаканада жашаганыбызга бир жума убакыт болгон. Сентябрь айынын башы эле. Эми бул учурда шаарда күн али ысык болот эмеспи. Түнкүсүн балконду ачып жатабыз. Андан да төртөөбүз тең тоолуу райондон келгендиктен, шаардын ысыгына көнө албай жаткан учур.

Бул түнү кобурашып отургандыктан биз кеч уктадык. Түн бир оокумда ойгонуп кеттим. Бөлмө ичинде бирөө басып жүргөнүн сездим. Алгач жүрөгүм "шуу" эте кыйкырып жибергим келсе да, өзүмдү кармай жаткандарга көз чаптырдым. Мирлан деген нарындык жигит экен. "Түн ичинде бул эмне басып жүрөт? Жумуштары болуп калган го, мейли бүтүрүп жатаар. Эмнеге жарыкты күйгүзүп алган жок?" деген кыязда анын кыймылына көз чаптырып жата бердим. Ал болсо эч кимге көңүл бөлгөн жок. Бир учурда ал дубалдын боору менен баса баштады. Оозум ачыла түштү. "Бул эмнеси? Ал эмнеге кулап түшпөйт?" деп таң калдым. Чын эле кулап түшпөй дубалдын боорунда жарымына чейин басып барды да, кайра артка бурулуп басып жөнөдү. Аз жерден кыйкырып жибере жаздадым. "Чын эле басып жүрөбү? Же көзүмө ошондой көрүнүп жатабы?" деп төшөгүн карасам эч ким жок. Ал жерге басып түштү да балконду көздөй жөнөдү. Мен балкондун түбүндө жатаар элем. Жанымдан өтүп бара жаткан Мирланды дароо колдон алдым да, "каякка?" деп булка тарттым. Ошондо ал селт дей түштү да, мени карап "ой" деп төшөгүнө барып жатып алды. Анын бул жоругуна эч түшүнө алган жокмун. Эртеси ойгонуп, жуунуп-таранган соң элге угузбай сурап калдым.

- Эй, сенин гипноздук өнөрүң   барбы?   Кантип   дубал боорунда жыгылбай басып жүрдүң? Мына бул жерге чейин басып бардың, - деп, ал басып барган жерге чейин колум менен көрсөттүм.

- Ал жөнүндө эч кимге айтпа, кийин түшүнөсун, - Мирлан мага табышмактантып эч нерсе айтпай койду.

Андан соң, сабакка алаксып кетип бардыгын унутуп койгом. Баягы жөнүндө эч кимге деле айткан эмес элем. Арадан үч күн өтпөй бардык нерсе ачылып, анын сырын билип отурбайбызбы. Ал күнү да биз кеч жатканбыз. Бул жолу Мирландын жоругун Абаз байкап калат. Түн бир оокумда ойгонсо Мирлан жылаңач бөлмө ортосунда турган болот.

-  Ой, эмне жатпайсыңбы? - деп айтканча болбой эле Мирлан балконду көздөй жөнөп калат.

Абаз болсо анын кадамына көз салып жата бериптир. Жылаңач балконго чыккан Мирлан бир аз ойлонгонсуп туруп, балкондон ашып түшө баштайт. Ошондо Абаз "Бул түн ичинде балкондон ашып кайда барат, биз төртүнчү этажда болсок" деп ойлоп жүгүрүп чыгат. Караса Мирлан балкондун темири менен жармашып ылдый түшүп бара жаткан экен. Эңкейген Абаз балкондон арта салынып Мирланды билегинен кармайт.

Чочуп кеткен Мирлан ойгонуп аз жерден ылдый кулап кете жаздаптыр. Биз анын баарын кийин билип отурбайбызбы. Кыйкырган Мирландын үнүнөн чочуп ойгонуп, балконго жүгүрүп чыксак, салаңдаган Мирланды кармаган Абаз тартып чыгара албай жатыптыр. Биз жардамдашып аны балкондон тартып алдык.

Ошондо гана Мирлан мойнуна алып сырын айтып берип жатпайбы.

- Балдар, кечирип койгула. Мен силерди чочубасын деп айткан жок элем. Мунун бардыгын мен өзүм да түшүнбөйм. Уктап жатып туруп алып басып кетем. Же бир нерселерди жасайм. Мунун баары уктап жатып болот. Ошондуктан үйдөгүлөр мага астейил мамиле жасар эле.

Биз анын сөзүнө ишенээрибизди билбей туруп калдык. Бирок, ага аяр мамиле жасачубуз. Уктаарда балкондун эшигинин алдына улагага суу чүпүрөктү жайып коёр элек. Себеби уктап басып бараткан Мирлан суу чүпүрөктү басканда ойгоноорун билчүбүз.

Чындыгында мындай сырдуу адамдар ааламда болорлугун кийин билип жатпайбызбы. Аларды илимде "лунатик" деп атап коюшаарын да уктук.

Адыл Момунов, Бишкек шаары

Булак:   Сырдуу дүйнө


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83