www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сыдыгалы молдокенин дубасы

Перизат Кутманалиева 25-март 2019, 14:23

Коом


Сыдыгалы молдокенин дубасы

Тээ илгери тактап айтканда 1932-жылдары Таластын Кара-Буура районунда болгон окуяны сиздерге баян кылууну эп көрдүк. Ошол кезде Сыдыгалы деген чоң молдоке болгон экен. Ал киши учурунда ушунчалык элге алынган, салган деми илдетке кабылган адамдарга тез тийип, илдеттеринен сакайып кетчү экен.

Бир күнү жогору жактан буйрук болот. Анткени ошол кездерде динге карата катуу басым жасалып, дин адамдарын дагы камакка ала баштайт. Убагы келип, Сыдыгалы молдону дагы Талас шаарына алып келип камап салышат. Болгон күнөөсү “сен эскичиликти карманып жатасың” деген шылтоону бетке кармап, оюна койбой жалгыз бир бөлмөгө камайт.

Жалгыз олтурган молдоке бир кезде ооздо турган мылтыкчан солдатка кайрылат, өтүнүч менен:

-Эшикти ачып койчу, мен качпайм, болгону намаз убагы болуп калды, намаз окуп алайын- деп. Алиги оозду кайтарган солдат  башын чайкап:

- Мен эшикти ача албайм, уставты бузуга акым жок. Буйрукту гана аткарам. Эгер жогору жак намаз окуганга уруксат берсе гана алардын айтканын аткарам. Менин милдетим жогору жактын айтканын гана аткарышым керек. Сыдыгалы молдоке оозду кайтарган жоокердин айтканына  туура түшүнүп, эч нерсе укпаган киши болуп, бөлмөнүн төр жагына  жылып, эки жакты карап алып олтурган ордунданан дуба окуганда илинип турган кулпу өзү ачкыч менен ачкансып буралып, эшик тарс деп ачылып кетет. Бул окуяга күбө болгон солдат таң калып калат. Молдоке сыртка чыгып жайнамазын салып намазын окуп болуп кайра ичкери киргенде эшик кайра өзү бекилип калат. Ошондо солдаттын өңү корккондон ак чүпөрөктөй болуп купкуу болуп кетет. Эртеси эртең менен болуп өткөн окуяны бир сөзгө миң сөз кошуп начальнигине айтат. Начальник ишенбейт, бирок өзү келип аңдыйт. Чын эле намаз убагында эшик өзү ачылып, молдоке өз үйүндө жүргөндөй эле өзүн эркин сезип басып чыгып намазын окуганын көрүп, начальниктин дагы таң калгандан келмеси оозунан ыргып, көзү алайып калат. Анан ойго алаксыйт да, эртеси эртең менен Сыдыгалы молдокени өзүнүн бөлмөсүнө чакырып алып:

-Эгер сиз менин кызымды сакайтсаңыз анда мен сизди бошотом деп, көп жылдан бери буту баспай жаткан кызы жөнүндө айтат да, анан үйүнө алып келип кызын  көрсөтөт. Молдоке ордунан жылбай жаткан кызды көрүп, анан начальникке өз оюн айтат:

-Мен он күн дем салам, он күн дегенде кызыңды айыктырам, өзү басып кадимкидей калыбына келет- деп убада берет. Начальник , аялы бул айтылган сөзгө анча деле ишене беришпейт. Анткени кызын канчалаган молдо-кожого алып барышпады, бирок эч тыянак болгон эмес болучу.

Убада бекип, молдоке дем салганын баштайт.  Бирок, кызы сегизинчи күнү эле кадимкидей өз алдынча басып калат. Ошондо милицияныны начальниги, аялы кыздын чоң апасы болуп Сыдыгалы молдого ушунчалык ыраазы болуп, эмне кылышты билбей калышат. Начальник эми мындан ары дин адамдарына каршы сөз айтпасты убада кылып, абдан жакшылап сыйлап, алдына түшүп чепкен жаап, араба жалдап бир жигитти кошуп жиберет “үйүнө чейин жеткирип кел” деп.

Ошол окуядан кийин жогору жактан дин адамдарына карта болгон тескери көз караш токтоп, молдокелерди камакка албай калышкан экен.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83