www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россиянын Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелерин талкуулады

Перизат Кутманалиева 25-март 2019, 14:52

Саясат


Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россиянын Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык  көрүү маселелери жана ошондой эле тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83