www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мандатты бериңизчи "бажалуста"

Перизат Кутманалиева 26-март 2019, 16:54

Саясат


Мандатты бериңизчи "бажалуста"

Юрист Клара Сооронкулова “Жогорку кеңеште  мандатты жеке менчик катары кармап олтурган депутаттар жок эмес. Парламентке барып иштебесем дагы ал мандат меники, анткени мен аны акчага сатып алгам деген түшүнүк бар” деп айтты. Бул айтылган сөздүн артында эмне жатканы баарына түшүнүктү болсо керек.

Анткени мыйзам боюнча 30  жумуш күнү ишке чыкпаган депутат же кызматкер ордун бошотуп бериш керек. Бирок, парламентте сабакка келбей калган окуучудай “ооруп калдым” деген шылтоону бетке кармап ишке чыкпаган депутаттардын саны арбын. Алсак бир жылдан бери ооруп жаткан Насыр Мусаев деген чөнтөгү калың, улуту дунган депутат бар. Же ордун башкаларга бербейт же өзү ишке чыкпаганы чоң талкууга жем таштап, учурда катуу талаш жүрүп жаткан кез.

Быйылкы жылдын 6-февралында “Кыргызстан” партиясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков, депутат Насыр Мусаевди пленардык жыйынга эч жүйөөсүз 35 жолу катышпаганы тууралу парламенттин төр агасына арыз менен кайрылган. Бирок ушул кезге чейин эч кандай жыйынтык чыкпай, өзүн кыйын сезген Мусаев ордун бербейт же ишке чыкпай жатканы кимдир бирөөлөрдү колуна алып койгондон белги бергенсийт. Эл тагдырын чечкен депутаттар ушул ишке барып жатканда, башкалар эмнени гана кылышпайт.

Жолдош Насыр Мусаев, ушунчалык ооруп кыйналып жатсаңыз, мандан сизди айыктырбайт. Сизден башкалар деле иштесин, ордуңузду бербесеңиз болбой калды. Ал эми кимге мандат үчүн канча акча берсеңиз аны менен өзүңүз эсептешип алат чыгарсыз. Кыскасы, мандатты иштетбей басып жатканыңыз туура эмес жорук экенин эсиңизге салабыз.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83