www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-мэр Мырзакматов аппак экен го?

Перизат Кутманалиева 25-март 2019, 17:48

Саясат


Экс-мэр Мырзакматов аппак экен го?

Акыркы кабарларга таянсак Оштун экс мэри М.Мырзакматов сүттөн ак, аны жөн гана жерден күнөөлөп, эч кандай коррупциялык ишке катышпаса дагы  кылмыш ишин ойдон чыгарып токуп, жөн жерден эле эч жаман иш кылбаса деле кубалап жиберишкенин айтып Мелис мырза агынан  жарылды.

Андан дагы Турциянын отелинен ажого жолугуп кала жаздап, бирок өзүнүн кадырын сактап жолукпаганын айткан.

Тактап айтсак Мелис Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, ал киши өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу сыртынан 7 жылга өкүм чыгып сот жообуна тартылган. Бирок, курган киши ушул кезге чейин өзүн ак сезип, эч кандай кылмыш кылбаганын айтып жан үрөп келет. Кызык, эгер Мелис мырза ак болсо аны эмнеге соттошту болду экен? Айткандай эгер Мелис мырза өзүн аппак сезсе анда келип кылмыш козгогон сот кызматкерлери  менен такташып алса болмок экен, ал жакта жатып алып эле “мен акмын” дей бербей дегендер да чыкты. Кыскасы кимисине ишенүү керек экенин билбей баш катты. Соттор күнөөлүбү же качып үргөн Мырзакматов күнөөлүбү азырынча бүдөмүк бойдон калууда.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83