www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акчага сатылган бул заманда керек болсо жолду тосуп

Перизат Кутманалиева 25-март 2019, 18:33

Саясат


Акчага сатылган бул заманда керек болсо жолду тосуп

Борбор шаарыбыздагы архитектурасында чоң катачылыктар жатканы бир кезде суу үстүнө калкып чыккан чамындыдай калкып чыгып, акыры дагы бир чоң чыр чыгары турган иш болуп калды көрүнөт. Анткени шаарыбызда жайгашкан чоң суу аккан жана катуу жамгырда сел агуучу чоң каналдардын жээгине план боюнча 50 метр алыстыкта турак үйлөр салынышы керек болучу.

Бирок, каналдын жээгиндеги бак олтургузулчу жерлерди бул жакты тейлеген жетекчилер ижара катарында сатып жиберишкенин жашырып болбойт. Учурда каналдардын жээги толо хан сарайлар салынып, көз жоосун алат. Андыктан бул жакта дагы чоң коррупциянын кулагы чыгып жаткандан белги бергенсийт.

Негизи мыйзам боюнча “суу аккан каналдын жээктерине үй салууга болбойт” деген мыйзам чыкканы бар, бирок аны эске алган жан жоктой. Болсо эмнеге көңүл бурулбайт? - деген суроо жоопсуз калып келет. Бишкек шаарынын башкы архитектурасы эмнени карап жүрөт ким билет? Албетте акчага сатылган бул заманда керек болсо жолду тосуп деле үй салып алышкан учурлар кездешип жатпайбы.

Ал эми алар үчүн каналдын жээги эмне болуп калыптыр. Андыктан азыр акчаң болсо бардык жерге там салсаң боло берет болуп калды көрүнөт. Айталы дегенибиз, бул көрүнүшкө Бишкек суу канал ишканасынын жетекчилери жооп береби же архитектура жооп береби аны убакыт билбесе эч ким жооп бере турган түрү жок.  

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83