www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто ири суммада акча уурдагандар кармалды

Перизат Кутманалиева 26-март 2019, 09:53

Коом


Ошто ири суммада акча уурдагандар кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери ири суммадагы уурулуктун бетин ачышты. 8-мартка караган түнү белгисиз адамдар Ош шаарынын Алай көчөсүнүн аймагында жайгашкан жеке менчик кеңселердин бирине уурулукка кирип, андагы сейфте сакталган, жалпы суммасы 4 млн. 706 миң сом акчаны уурдап кетишкен. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Ар тараптуу издөө, иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы жана 27 жаштагы эки адам кармалды. Алар Ош шаарына чектеш жайгашкан айылдардын бириндеги мечиттен чыгып бара жаткан учурда кармалышкан. Алардын бири акча уурдалган ишканада иштээри аныкталды. Милициянын божомолу боюнча акча тууралуу маалыматты берген жана аны уурдоону даярдаган да ошол болгон.

Кармалган адамдардын биринен 1 млн. 460 миң сом, экинчисинен 900 миң сом акча алынган. Алар акчаны үйлөрүнүн короосунда көөмп койгон жеринен өздөрү казып, алып беришкен. Акчанын калган бөлүгүн алар көңүл ачууга жумшашкан.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнѳн уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту 25-мартта аларды абакта эки айга кармоого санкция берди. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83